«Алай» футбол клубунун мурунку жетекчиси Нурдин Сматов пневмониядан каза болду

Нурдин Сматов

16-июлда «Алай» футбол клубунун мурунку жетекчиси Нурдин Сматов көз жумду. Маалыматты «Турмуш» басылмасына аталган клубдун азыркы жетекчиси Алмаз Сулайманов тастыктаган.

Анын айтымында, Сматовдон пневмония оорусу аныкталган.

Нурдин Сматов 68 жашта болчу. Ал 2010-жылы Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун директору болуп эмгектенген. Андан сырткары «Алай» футбол клубун жетектеген.

Буга чейин 26-июнда «Алай» футбол клубунун оюнчусу Элхан Темирбаевден коронаврус аныкталган. Андан үч күндөн кийин команданын дарабазачысы Дастан Алыбеков COVID-19га чалдыккан. Сулаймановдун айтымында, клубдун мүчөлөрү Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондун жатаканасында бир бөлмөдө жашашкан.

Кыргызстанда 16-июлга карата коронавирус 12 498 кишиге жукту. Анын ичинен 1203ү Ош шаарында катталды. Өлкөдө 3 735 адам COVID-19дан айыгып, 167 киши көз жумду. Ал эми пневмония март айынан бери 612 адамдын өмүрүн алды.