Президент стационарда каза тапкан медфактын студентинин үй-бүлөсүнө барды

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбеков 16-июлда Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барып кабар алганын маалымдады. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти болчу.

Мырзабекова Бишкектин обсервацияларынын биринде ыктыярчы болуп иштеп жүрүп, 13-июлда кайтыш болгон. Саламаттык сактоо министрлиги студент кыз болжол менен пневмония болгонун айткан.

«Түшүнүп турам, азыр эч бир сөз сиздерди соорото албайт. Өтө чоң жоготуудан улам кабыргаңар кайышып турат. Сиздердин оор кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен мен кезинде өз баласын жоготуп, кайгыга батып турган апамды эстеп жатам», — деп белгиледи президент, Адинайдын апасына кайрат айтып жатып.

15-июлда президент Сооронбай Жээнбеков өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекция каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн студент кызды «Эрдик» медалы менен (каза болгондон кийин) сыйлоо жарлыгына кол койгон.

Студенттин өлүмү

21 жаштагы Адинай Мырзабекова «Discovery» мейманканасынын базасында ачылган убактылуу стационарда кайтыш болгону белгилүү. Студенттин кесиптеши мейманкананын базасындагы стационарга орточо оор абалдагы бейтаптар кабыл алынаарын жана ал жакта эч кандай реанимациялык иш-чаралар, препараттар жана аппаратура жок экенин айтып берген.

Маркум кыздын дагы бир башка кесиптеши Адинайдын кайтыш болгонуна пневмония себеп эместигин, себебп дегенде стационарда иштеп жүргөн учурда ал саламаттыгына даттанбаганын билдирген.

«Өзүн жаап-жашыруу үчүн жогору жактан келишти. Алар бардыгын бизге оодарууга аракет кылышат. Кайсы бир эпидемиологиялык нормаларды сактаган жоксуңар, жеке коргонуу каражаттарын кийбедиңер деп айтышат. Бирок аларды кийип жүрдүк, аны бейтаптарыбыздын бардыгы тастыктап бере алышат. Биз Саламаттык сактоо министрлигинин протоколунда эмне деп жазылган болсо тек гана ошону аткардык. Жумуштан кийин өзүбүздү кечкисин күн сайын карап аттык», — деген ал. Мырзабекованын бир тууганы да бийлик мойнуна жоопкерчилик алгысы келбей ыктыярчыларга басым кылып атканын билдирген.

Ал тууганы инфарктан каза тапты деп эсептейт. Анткен менен, ССМдин пневмония деп билдиргенди акыркы диагноз эмес.

«Акыркы диагноз соттук-медициналык экспертизадан кийин белгилүү болот», — деп белгилешкенСаламаматтык сактоо министрлигинен.

Эмне үчүн бейтаптардын өмүрү үчүн студенттер күрөшүп жатат?

Коронавирустун пандемиясынан улам медперсоналдын жетишпей жатканы байкалууда. Ушул себептүү коронавирус жана пневмония менен ооругандар менен иштөөгө медфактардын студенттери да тартыла баштаган.

Ал эми премьер-министр Кубатбек Боронов 8-июлда эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин чакыртуу керектигин билдирген. Бирок пандемиянын башында эмгек өргүүсүнө улгайган медиктер жана өнөкөт оорусу бар медкызматкерлер жөнөтүлгөн эле.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жана пневмония менен ооругандарды эки башка эсептегенин улантып жатат, бирок врачтар учурда катталып аткан пневмония COVID-19дун оор өткөн формасы деп эсептешет.

Ошол эле маалда министрлик күн сайын симтому ошол эле, бирок тесттин жыйынтыгы терс болгон бейтаптар тууралуу айтпай эле коронавируска тапшырган тести оң жыйнтык көрсөткөн гана бейтаптардын статистикасын айтып келет.

Маалыматтын бир бөлүгүн гана ачыктоо пандемиянын кулачын азайтуу катары көрүнөт. Министрлик пневмония боюнча болгону утур-утур андан улам каза тапкандардын санын ачыктоодо, ал «коронавирустан» каза тапкандардын санынан да кыйла жогору.

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 16-июлга карата өлкө боюнча COVID-19га чалдыккан медицина кызматкерлеринин 2076 учуру катталды.

Акыркы сутка ичинде жети медицина кызматкери айыгып, стационарлардан чыгарылган. Оорудан айыгып чыккан медиктердин жалпы саны 583 адамды түзөт.

Пандемия башталгандан бери жалпысынан 12 498 адамда коронавирус инфекциясы аныкталып, алардын ичинен 167си дүйнө салды.

Медицина кызматкерлеринин арасындагы 2 076 коронавирус жуктуруу учурун толук тизме деп айтса болбойт, анткени бул статистикага коронавирустук пневмония боюнча маалыматтар киргизиле элек. Саламаттык сактоо министрлиги бул статистикаларды бириктирүүнү пландап жатат, бирок азарынча ведомство аларды өз өзүнчө эсептөөдө.

Врачтар учурда катталып аткан «белгисиз пневмония» — бул COVID-19дун оор өткөн формасы экенин бир нече жолу айтышкан. Анткени бул пневмонияны коронавирус өөрчүтөт — эгер оору кадимки түрдө өткөндө өпкөнүн кабыкча түркүмү сезгенсе, ал эми коронавирус ээрчиткен пневмонияда майда кан тамырлары канга уюп калат.

ТЕМА БОЮНЧА ОКУҢУЗ: Стационарда иштеп жүргөн медфактын студенти каза болду — ССМ буга пневмония себеп дейт