Стационарда иштеп жүргөн медфактын студенти каза болду — ССМ буга пневмония себеп дейт

Бишкекте 13-июлда «Discovery» мейманканасынын базасында пневмония жана коронавирустан ооругандар үчүн ачылган убактылуу стационарда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) 21 жаштагы студенти Адинай Мурзабекова каза тапты. Стеденттин кесиптештери Мурзабекова буга чейин саламатта жүргөнүн айтышты. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги ал эки тараптуу пневмониядан дүйнө салганын кабарлашты.

Маркумдун кесиптештери эмне дейт?

Мурзабекованын кесиптештери окуянын чоо-жайын «Апрель» маалымат агенттигине айтып беришти.

Мурзабекованын кесиптеши «Discovery» отелинин базасындагы стационарга орточо оор абалдагы бейтаптар кабыл алынаарын жана ал жакта эч кандай реанимациялык иш-чаралар, препараттар жана аппаратура жок экенин белгиледи.

«Кечээ Адинай нөөмөтүн өткөрүп, тамактанып алып уктап калган. Андан кийин эле аны эс учун жоготкон абалда табышты. [...] Врачтар кошулуп эки жолу эсине келтирүүгө аракет кылышты, үчүнчүсүндө болбой калды. Биз Чүй-Исанов дарегиндеги тез жардам станциясына бардык, бирок ал жактан реаниматолог жок экенин айтышты. Биз реанимациялык топтомду бергиле деп сураганда алар андай болбойт деп баш тартышты. Биз паспорт, машинанын ачкычын, эмне десеңер ошону, бардыгын беребиз дедик. Бирок баш тартып коюшту. Кайра кайтып келе жатканда “Шашпай элек койгула, үлгүрбөй калдыңар” деп айтышты телефондон чалып. 118 номери бош болбой туруп алды. Жарым саат тез жардамга чалып ала албай койдук», — деди ал.

«Алыбыздын барынча иштеп жатабыз»

Студенттин кесиптешинин айтымында, стационарда болгону 18 медкызматкер болгон. Алардын ичинен төртөө №6 поликлиниканын медиктери, калгандары КММАнын студенттери.

«1-3-курстардын студенттери санитар, 5-6-курстардын студенттери — медайым болуп иштешкен, үч ординатор жана бир врач бар болгон», — дейт ал.

Каза болгон студенттин кесиптеши студент-медиктер алы барынча иштеп, коргонуу каражаттарын бир күндө 12 саат бою кийип жүрүүгө жана жумасына 85-90 саат иштөөгө аргасыз болуп атышканына даттанды.

«Жеке коргонуу каражаттарынан аба өтпөйт, камсыздоо начар, беткаптар да начар. Студенттер менен врачтарга түкүрүп койгондой эле мамиле болду», — дейт ал.

«Иштеп атканыбызга 13 күн болду обсервацияда бул убак аралыгында бир да өлүм болгон жок. Бизди бардыгы менен камсыздашты, жеке коргонуу каражаттары бар болчу, болгону нес абалдан чыгарган препараттар жок эле. Бизге реанимация эмессиңер дешип, бирок алып келип берүүнү убада кылышкан», — дейт маркумдун дагы бир кесиптеши.

Мурзабекованын кесиптештеринин бири жетекчилик аларды коркутуп, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүгө аракет кылып жатканын айтты.

«Бизге коргонуу каражаттарын кийбей жатасыңар дешти. Биздин кызматкер каза болду, кечээ чамабыз тийген жок. Анан бизге келип алып өзүңөр күнөөлүүсүңөр деп жатышат. [...] Алар кабинеттерде отуруп алып, биздин жашообузду талкуулап жатышат. Бирок клиникада иштешкен эмес, коргонуу каражаттарын бир күндө 12 саат бою кийип жүрүү кандай экенин билишпейт. Алар мунун бирин да билишпейт!» — деди ал.

Ошондой эле интернетте өзүн маркум студенттин кесиптешим деп тааныштырган медиктин кайрылуусу пайда болду. Ал жетекчилик Мурзабекованын өлүмүнүн себебин жашырганга аракет кылат деп билдирди.

«Өзүн жаап-жашыруу үчүн жогору жактан келишти. Алар бардыгын бизге оодарууга аракет кылышат. Кайсы бир эпидемиологиялык нормаларды сактаган жоксуңар, жеке коргонуу каражаттарын кийбедиңер деп айтышат. Бирок аларды кийип жүрдүк, аны бейтаптарыбыздын бардыгы тастыктап бере алышат. Биз Саламаттык сактоо министрлигинин протоколунда эмне деп жазылган болсо тек гана ошону аткардык. Жумуштан кийин өзүбүздү кечкисин күн сайын карап аттык», — деди ал.

Ошондой эле ал Мурзабековада пневмония, коронавирус же дагы башка коштоочу оорулар жок болгонун айтты.

«Ушул күндөрү, 2-июлдун кечинен тарта 13-июлдун кечине чейин ал бир нерсе болуп атканы бир да жолу байкалган эмес», — деди медик.

Саламаттык сактоо министрлиги эмне деди?

Саламаттык сактоо министрлиги 13-июлда болжол менен саат 19:45те студент кыз өзүн дароо жаман сезип, тарамыштары тырыша баштаганын билдирди.

«Жүрөк-өпкө реанимациясы башталган, 40 мүнөттүк реанимациянын шартында ал кечки саат 20:45те каза болду. Анын кесиптештеринин айтымында, ал буга чейин өзүн жаман сезип жүргөнүн айткан эмес», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Сөөктү ачып текшерүү болуп, алдын ала маалымат боюнча өлүмгө эки тараптуу пневмония себеп болгон.

«Акыркы диагноз соттук-медициналык экспертизадан кийин белгилүү болот», — деп белгилешти Саламаматтык сактоо министрлигинен.

Бейтаптарды эмне үчүн студенттер куткарып жатат?

Коронавирустун пандемиясынан улам медперсоналдын жетишпей жатканы байкалууда. Ушул себептүү коронавирус жана пневмония менен ооругандар менен иштөөгө медфактардын студенттери да тартыла баштаган.

Ал эми премьер-министр Кубатбек Боронов 8-июлда эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин чакыртуу керектигин билдирген. Бирок пандемиянын башында эмгек өргүүсүнө улгайган медиктер жана өнөкөт оорусу бар медкызматкерлер жөнөтүлгөн эле.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жана пневмония менен ооругандарды эки башка эсептегенин улантып жатат, бирок врачтар учурда катталып аткан пневмония COVID-19дун оор өткөн формасы деп эсептешет. Ошол эле маалда министрлик күн сайын симтому ошол эле, бирок тесттин жыйынтыгы терс болгон бейтаптар тууралуу айтпай эле коронавируска тапшырган тести оң жыйнтык көрсөткөн гана бейтаптардын статистикасын айтып келет. Маалыматтын бир бөлүгүн гана ачыктоо пандемиянын кулачын азайтуу катары көрүнөт. Министрлик пневмония боюнча болгону утур-утур андан улам каза тапкандардын санын ачыктоодо, ал «коронавирустан» каза тапкандардын санынан да кыйла жогору.

Пандемиянын башталгандан бери коронавирус инфекциясы тастыкталган 149 адам жана пневмония менен ооруган 497 адам каза тапты.

Медкызматкерлердин арасындагы вирус жуктуруу жана өлүмдөрдүн саны

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 14-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1875 медкызматкер катталган. Алардын ичинен 570и айыгып чыккан.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан расмий 5 гана медик көз жумганын мойнуна алды. Бирок социалдык тармактарда кыргызстандыктар пневмония же коронавирустан каза тапкан медиктердин саны кыйла көп экенин кабарлашууда.

ССМ канча медикте COVID-19 тести терс чыгып, бирок пневмония аныкталганы боюнча маалымат бербей келет.

«Клооптун» жеке өзүнүн маалыматы боюнча, каза болгон медиктердин саны 20дан ашты жана булардын баары журналисттерге белгилүү болгон учурлар гана.