Ош шаарындагы «Такси 180» кызматынын жетекчилиги кыз ала качууну жарнамалаганы үчүн 17 миң сом айыпка жыгылат. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги такси кызматы «Жарнама жөнүндө» мыйзамды бузганын кабарлады.
«Такси кызматы “жарандарды зомбулукка, агрессияга жана алардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч түзүүгө түрткү берүүчү, ошондой эле тартипсиздикке жана дүрбөлөң салууга чакыруучу коркунучтуу аракеттерге шыкак берген” жарнаманы жайылтуу менен “Жарнама жөнүндө” мыйзамды бузган», — деп билдиришти Мамагенттиктен.
Оштогу такси кызматы жарыялаган видеодо бир топ жигиттер кыз ала качып, алардын машинасы жүрбөй калат — кыз алгач кыйкырып жатып, анан такси кызматын пайдаланууну сунуштайт.
Бул жарнама айрым кыргызстандыктардын арасында нааразылык жараткан. Алар такси кызматынын жетекчилигине жана видеонун актёрлоруна кат жазып, аялдарды никеге тургузууга мажбурлоо үчүн ала качууга жол берилбеши керектигин айтышкан.
Бирок роликтин актёрлорду жана такси кызматынын жетекчилиги мындай ойдо болгон эмес. Алар кыз ала качуу тартылган жарнаманы «тамаша» деп атап, кылмышты нормалдаштырууга аракет кылышкан эместигин айтышкан. Мындан тышкары, Эмил Токтошев жарнаманы өчүрүүнү өтүнгөн кыздын кодуланышына түртү болгон. Токтошев аталган кыздын купальникчек түшкөн сүрөтүн сын айтып жарыялагандан кийин анын ондогон күйөрмандары кызга соцтармакта коркутууларды жазып баштаган.
Блогер Бегайым Замирбек Инстаграмдагы барагында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине таксинин жарнамасына арызданган кыргызстандыктардан 12 кат келип түшкөнүн айтты.
Мамагенттиктен жарандардын арызданууларына реакция кылып, таксинин жетекчилиги менен байланышты. Эми алар жоопкерчиликке тартылат.
«Бул биздин ушул жылдагы биринчи чоң жеңишибиз», — деди блогер.
Ала качуу
Нике кыюуга мажбурлоо үчүн уурдоо — бул кылмыш, ага Кырызстандын мыйзамы боюнча катаал жаза каралган. Бул нерсе өлкөнүн да реалдуу көйгөйү — статистика боюнча Кыргызстандагы ар бир 17 кыз эркине каршы алакачылган.
Ала качууга дуушар болгон кыз-келиндер көп учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип, өздөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, укуктары тепселенет.
2013-жылдан тарта Кыргызстандын жазык кодексинде ала качуу үчүн каралган жаза күчөтүлгөн.
Кыз-келиндердин көбү укук коргоо органдарына кайрылбайт, алар ала качылып барган жердин басымынан ошол жерде калып калышат. БУУнун гендердик маселелер боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстанда ар бир бешинчи үй-бүлө ала качуу жолу менен жаралат.
Жазык Кодексинде адамды мажбурлап никеге тургузуу үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.
Коомдо Бурулай Турдалы кызынын киши колдуу болгону резонанс жараткан. Аны 2018-жылы бир эле киши эки жолу ала качып кеткен. Экинчи жолкусунда эркек кишини милиция кармап, РИИБге камакка алган. Ал жактан кызды өлтүрүп салган.
Ал учурда бул ишке саясатчылар менен аткаминерлерден баштап президентке чейин көңүл бурушкан. Ал эми коомдо мындан ары эч ким кыздарды ала качкыс болду деген пикир айтылган. Бирок арадан бир ай өтпөй эле бишкектик жаш кыз ала качылганы тууралуу белгилүү болгон. Аны бейтааныш адам менен никеге турууга мажбурлагылары келген.
Бурулайды ала качкан адам менен ага жардам бергендер соттолуп, кыздын өлтүрүлүшүнө жол берген милиционерлерге санкциялар колдонулганы менен дагы деле кыздарды уурдап, никеге турууга мажбурлап жатышат. Ал эми жарнама берүүчүлөр, сериал тарткандар жана поп-жылдыздар кылмышты актап жатышат.
ТЕМА БОЮНЧА ОКУҢУЗ: