Коронавирус жуктурган дагы 34 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб COVID-19га чалдыккан дагы 34 бейтап каза болгонун 20-июлда билдирди. Илдеттен Бишкек шаарында 20 киши көз жумду.

Мындан сырткары Ош жана Жалал-Абад облустарында төрттөн, Нарын облусунда үч, Чүй облусунда эки жана Ош шаарында бир бейтап кайтыш болду.

Бул статистикага коронавирус инфекциясы аныкталбаган, бирок ооруканадан тышкаркы пневмониядан улам кайтыш болгон бейтаптар да кирди. Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин COVID-19 жана пневмонияга чалдыккан жарандардын эсебин эки бөлөк жүргүзгөн. Кийинчерээк өкмөт пневмонияны COVID-19 пайда кылаарын моюндады.

Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1037 киши көз жумду — алардын арасында ондогон медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны 27 143кө жетти, алардын ичинен 13 109 бейтап айыкты.