Кыргызстанда июнь айынын ортосунан тарта пневмониядан каза болгондор кескин көбөйдү. Бирок өпкө илдетине кабылгандардан COVID-19 тастыкталбагандыктан өкмөт дээрлик бир айдан бери пневмониянын пайда болуу себебин түшүндүрө албай келген.
Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 16-июлдагы брифингде өлкөдө көп катталып жаткан пневмонияны коронавирус шарттап жатканын Саламаттык сактоо министрлиги моюндаганын билдирди.
«Коронавирус инфекциясын бирдиктүү шартта дарылоо үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, ПЦР-тест менен тастыкталбаган, бирок вирустук этиолгиясында клиникалык белгилери бар пневмония U07.2 кодуна кирет, мындан улам пневмония боюнча статистикалык учурлар COVID-19 илдетинин көрүнүшү катары саналат», — деп түшүндүрдү Исмаилова.
Ал ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги эксперттердин тобу иштеп чыккан COVID-19 илдетинин Улуттук клиникалык колдонмосунун 3-версиясын бекиткенине токтолду. Анткен менен Исмаилова пневмония менен коронавирустун статистикасы бириктирилип-бириктирилбесине так жооп берген жок.
Пневмонияны коронавирус шарттап жатканын буга чейин эле адистер айтып, бул дарттан каза болгондорду COVID-19дан өлгөндөр менен бириктүү керектигин билдирип келишкен.
«Элдин башын айлантпай, бул эки статистиканы бириктирип, “коронавирустан пайда болгон өпкө кагыны” деген эле диагнозго токтош керек. Ошондо эл ичиндеги дүрбөлөң токтоп, дарыгерлерге бейтаптарды дарылоо жеңил болмок», — деп айткан профессор-эпидемиолог Омор Касымов «Азаттык» радиосуна курган маегинде.
Ал эми депутат Дастан Бекешев статистикалар бириктирилбей жатканын медиктерге төлөнчү компенсациялар менен байланыштырган. Анын айтымында, мындай учурда пневмонияга кабылган медицина кызматкерлери өкмөттөн төлөнчү кунду талап кыла алат.
Кошуналарды каптаган пневмония
Коңшу Казакстанда дагы июль айынан тарта пневмония күч алып, аны дүйнөлүк ЖМКлар «Казакстанда белгисиз пневмония адамдардын өмүрүн алып жатат» деп жаңылык таратышкан. Казакстандагы окуяга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал боюнча программасынын аткаруучу директору Майкл Райан түшүндүрмө берди.
Ал пневмониядан кайтыш болгон адамдардан коронавирус тастыкталбай жатканын туура эмес тестирлөө болушу мүмкүн деп божомолдогон.
«ДСУ казак бийлиги менен биргеликте пневмонияга чалдыккан бейтаптардын рентген-сүрөтүн изилдеп жатат. Уюм жалган маалымат берүүчү тесттер жок болушуна ынаныш үчүн жасалган тесттер менен тестирлөөнүн сапатын текшерет», — деген Райан.
Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цойдун айтымында, 2020-жылдын алты айында пневмония менен ооруган 98,5 миң учур катталса, 2019-жылы жалпысынан 63 миң учур катталган. Ал эми быйыл июль айынын бир жумасында эле 56,8 миң учур катталып, 2019-жылдагы бардык учур бир жумага туура келген.
Майкл Райан андан сырткары Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде болуп жаткан адам өлүмдөрү алар пневмониядан эмес, коронавирустан каза болуп жатканын толуктап турганын айткан. Кыргызстанда дагы пневмониядан каза болгондор июнь айынын ортосунан тарта кескин өскөн.
Премьер-министр Кубатбек Боронов жарандар пневмония менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыктан ооруп жатканын айткан. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирус пандемиясы башталган учурда өлкөдө пневмония оорусунан каза болгондор бир-экиден гана катталып келгенин белгилеген.
«20-июндан кийин пневмониядан каза болгондордун саны кескин өскөндүктөн жана ал ооруну коронавирус шарттап жаткандыктан статистиканы бириктирип, бир багытта кароо маселеси талкууланып жатат», — деген Акматова.
Сапаты шек туудурган экспресс-тесттер
Ал ортодо Кыргызстанга келип жаткан тесттердин сапаты тууралуу да маселе буга чейин көтөрүлгөн. Атап айтканда «Исмаил Матриамов» фонду жардам катары берген эксперсс-тесттердин сапаты тууралуу айтылган. 29-мартта фонд Ош шаарындагы оорунун алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборуна 10 миң экспресс-тест тапшырган. Бул кабар коомчулукта кызуу талкууга алынган. Себеби, алардын аты Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар боюнча «Клооп», «Азаттык» радиосу жана OCCRP уюмунун биргелешкен иликтөөсүндө аттары аталган болчу. Ал эми «Сорос Кыргызстан» фондунун директору Шамиль Ибрагимов берилген тесттерди ким сертификаттан өткөргөнүнө кызыккан.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Матраимовдор тарабынан берилген экспресс-тесттерди колдонууну Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) сунуштаганын маалымдаган. Кийин ДСУнун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова министрликтин маалыматын жокко чакырган. Себеби, алар аталган экспресс-тесттерди колдонуу боюнча эч качан сунуш берген эмес. Андан сырткары медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бурул Арзыгулова ДСУ экспресс-тесттердин коронавирусту аныктоо жыйынтыгы абдан төмөн болуп жаткандыктан андан баш тартууну сунуштагынан билдирген.
Кыргызстанда коронавируска каршы жасалып жаткан тесттердин сапаты тууралуу күмөн саноону президент Сооронбай Жээнбековду Орусияга Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган салтанатка коштоп баргандардан илдет чыгып калганы ого бетер күчөткөн. Анткени Кыргызстандын делегациясы Орусияга барар алдында тест тапышырып, бардыгыныкы жакшы чыккан. Бирок ал жакка барганда делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус аныкталган. Мындан улам Жээнбеков Москвадагы парадга катышуудан карманып, кайра өлкөгө кайтып келген.
Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат
Ал ортодо коңшу Тажикстанда коронавирус жуккандар менен андан каза болгондор тууралуу так маалыматтар айтылбай келет. Алгач өлкөдө пневмония менен гана ооругандар болгону айтылган. Бийлик апрель айынын аягына чейин өлкөдө коронавирус илдети жок деп ишендирип келген. Бирок 30-апрелде гана коронавируска чалдыккандар катталып жатканын моюнга алып, 15 кишиден коронавирус табылганын маалымдаган. Анткен менен оорулуулар боюнча расмий органдар берген маалыматтар социалдык тармактар жана мессенджерлерде талкууга алынып, келтирилген сандар бир топ эле төмөндөтүлүп көрсөтүлгөнү айтылууда.
Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин кабарлашынча, 14-июлга карата коронавирустан 56 киши каза болуп, илдет 6643 кишиге жуккан. Миңден ашык киши үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат.
Ал эми «Озоди» радиосунун кабарлашынча, Тажикстанда COVID-19 дартынан болжол менен 442 киши каза болгон. Алардын көбү медкызматкерлер — 72 менен билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү — 67. Андан сырткары тажик армиясында дагы коронавирус жуккан учурлар аныкталганын өлкөнүн башкы аскер прокурору Икром Зоирзода билдирди. Бирок ал канча жоокерге илдет жукканын тактаган эмес.
Ал ортодо президент Эмомали Рахмон коронавирустун өлкөдө жайылуусун чектеген мыйзамга кол койду. Ага ылайык, беткап тагынбагандар 875 — 2190 сом айып төлөйт, ооруну тараткандар эки жылдан беш жылга чейин кесилет. Эгер ушул жоруктар кайталанса беш жылдан 10 жылга чейин соттолот. Андан сырткары аталган мыйзам боюнча жалган маалымат тараткандар 4300 сомдон 8700 сомго дейре айыпка жыгылса, ЖМКлар 66000 сомдон 8700 сомго дейре айып төлөйт. Бирок бийликтин мындай аракети жарандык коомду ооздуктоо үчүн жасалган кадам катары бааланууда.
Коронавирус көзөмөлгө алына элек
ДСУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус пандемиясы көптөгөн мамлекеттерге көзөмөлгө алынбаганын айтып, абал курчуп жатканын белгиледи. Ал акыркы алты жумада эле илдет жуккандар дүйнө жүзү боюнча эки эсеге көбөйгөнүн кошумчалады.
Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча 16-июлга карата дүйнө жүзү боюнча 13,5 миллиондон ашык кишиге коронавирус жукканы ырасталып, оору 582 674 кишинин өмүрүн алган. Андан сырткары 7,2 миллиондон ашык киши оорудан айыккан.
Кыргызстанда 16-июлга карата алынган маалымат боюнча коронавирустан 167 киши каза болсо, пневмония 612 кишинин өмүрүн алды.
Пневмониядан каза болгондордун арасында мурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков менен экс-муфтий Чубак ажы Жалилов бар. Ал эми вице-спикер Аида Касымалиева жакында эле бул илдетке чалдыгып, учурда дарыланып жатканын билдирди. Мындан тышкары пневмонияга Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов да чалдыккан, ал эми анын орун басарларынын бири Нурболот Үсөнбаевге коронавирус жукту.
Ошондой эле, илдет депутат Бактыбек Турусбековдо, экс-депутат Камчыбек Ташиевде жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевде да аныкталган. Коронавирус экс-төрага Мукар Чолпонбаевдин өмүрүн алган. Андан сырткары бир нече дарыгер менен мугалимдер дагы каза болгон.
Пневмония — дем алуучу органдарды, айрыкча өпкөнү сезгенткен оору. Оорунун пайда болушун бактериялар, вирустар шартташы мүмкүн. Алар организмге көбүнчө дем алуу, кээде кан аркылуу кирет. Адамдын өпкөсү альвеолдор деп аталган кичинекей мүчөкчөлөрдөн турат жана ага дем алганда кычкылтек толуп канга өтөт. Адам пневмония болгондо альвеолдорго суу же ириң толуп дем алууну кыйындатып, кычкылтектин организмге кирише тоскоолдук кылат.