Коронавирустан каза болгондордун 20%ы дарыгерге кеч кайрылышкан — ССМ

Мадамин Каратаев

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 20-июлдагы брифингде акыркы күндөрү COVID-19дан каза болгон бейтаптардын бештен бир бөлүгү медициналык жардам сурап кеч кайрылганын билдирди.

«Акыркы каза болгон 191 адамдын 20 пайызы — булар кеч кайрылышкан. Анан кийин медициналык тез жардамды өз убагында ала албай калышкандыктан кайтыш болуп жатышат да», — деди Каратаев.

Мындан сырткары Каратаев каза болгондордун өнөкөт оорулары да күчөп кеткенин белгиледи.

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде коронавирустан 34 бейтап каза болду. Жалпысынан өлкөдө илдеттен 1037 киши көз жумду.