Сүрөт: Оксфорд университети

Материалдын түп нускасы «Би-Би-Си» кыргыз кызматынын сайтында жарыяланган.

Оксфорд университети чыгарган коронавируска каршы вакцина коопсуз экени аныкталды жана ал иммундук системаны ойготуп, вируска каршы натыйжалуу күрөшкөнү табылды.

Сыноодо вакцина 1077 кишиге берилген, алардын иммунитети коронавирус менен күрөшкөн антитело менен Т-клеткаларын иштеп чыккан.

Бул ачылыш абдан маанилүү болгону менен сыноолор дагы деле уланууда. Кийинки баскычта вакцина кыйла көп ыктыярчыларга берилет.

Ага карабастан Британия эмитен эле 100 миллион вакцинага буюртма берди.

Вакцина кантип иштейт?

Оксфорд университетинин ChAdOx1 nCoV-19 аттуу вакцинасы абдан кыска мөөнөттө иштелип чыкты.

Окумуштуулар шимпанзелерди сасык тумоого алып барган вирустун генетикасын өзгөртүп, вакцина иштеп чыгышты. Вирустун генетикасы кыйла өзгөргөндүктөн, ал адамга эч коркунуч түзбөйт жана коронавируска «абдан окшош».

Изилдөөчүлөр вакцинаны атайын коронавируска окшош кылып түздү. Эми иммундук система коронавирусту аныктап, аны менен күрөшүү ыкмасын өздөштүрөт.

Антитело менен Т-клеткалар деген эмне?

Коронавируска каршы күрөштө антитело тууралуу көп сөз айтылды. Бирок антитело иммундук системанын бир гана бөлүгү.

Иммундук система иштеп чыккан антителолор чакан белоктор. Алар вируска жабышып, анын күчүн зыянсыздандырат.

Т-клеткалар болсо кандагы клеткалардын бир түрү. Алар иммундук системаны башкарат жана организмдеги вируска чалдыккан клеткаларды аныктап, жок кылат. Натыйжалуу вакциналардын басымдуу бөлүгү иммундук системага антитело менен Т-клеткаларын иштеп чыгууга түрткү кылат.

Сыноо учурунда бейтаптардын анализдери дыкат текшерилди. Сүрөт: Оксфорд университети

Клиникалык сыноодо вакцина алган ыктыярчылардын Т-клетка саны 14 күндүн ичинде жогорку чекке жеткен. Ал эми антителонун деңгээли 28 күндөн кийин жогорку чекке жеткен. Бирок изилдөө узак мөөнөткө жүргүзүлбөгөндүктөн, иммундук система иштеп чыккан Т-клетка менен антителолор канча убакытка чейин организмде кала берери азырынча белгисиз.

«Сыноонун жыйынтыгы үмүт берди. Эмдөөдөн өткөндөрдө антитело менен Т-клеткалар иштелип чыкты. Бирок көпчүлүк вакцина иштейби, адамды коргой алабы деп сурап жатат. Чынында, биз дагы деле жыйынтыкты күтүп отурабыз», — деди Оксфорд университетинин изилдөөчүлөрүнүн бири профессор Андрю Поллард.

Изилдөөгө катышкан ыктыярчылардын 90 пайызы эмдөөдөн бир эле жолу өткөндөн кийин антитело иштеп чыккан. Он гана ыктыярчы эки жолу эмдөөдөн өткөн. Бирок клиникалык сыноого катышкандардын барында вирус менен күрөшкөн антителолор иштелип чыккан.

Вакцина коопсузбу?

Ооба, бирок вакцинанын кыйыр таасирлери бар.

Вакцинанын кооптуу делген кыйыр таасирлери жок. Бирок эмдөөдөн өткөн ыктыярчылардын жетимиш пайызынын башы ооруган же дене табы көтөрүлгөн. Изилдөөчүлөр аны парацетамол менен тууралап койсо болот дешүүдө.

«Вакцина Covid-19 пандемиясын көзөмөлгө алат деп айтуу дале эрте. Алдыда дагы көп сыноолор бар. Бирок алгачкы жыйынтыктар абдан жемиштүү», — деди Оксфорд университетинин окумуштуусу профессор Сара Гилберт.

Оксфорд университети чыгарган коронавируска каршы вакцина коопсуз экени аныкталды. Сүрөт: AFP/GETTY

Сыноолордун эмки кадамы кандай?

Алгачкы жыйынтыктар жемиштүү болду, бирок окумуштуулардын негизги максаты вакцина коопсуз экенин тастыктоо.

Эмдиги баскычта вакцина Британиядагы он миң кишиге берилет. Бирок өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны аз болгондуктан, вакцина вирустан чынында коргой аларын аныктоо татаалдашты.

Ошондуктан вакцинаны башка өлкөлөрдүн жарандарына берүү чечими кабыл алынды. Вакцина АКШда отуз миң кишиге, Түштүк Африкада эки миң адамга жана Бразилиянын беш миң жаранына берилет.

Андан тышкары эмдөөдөн өткөн ыктыярчыларды атайылап коронавирусту берип сыноо өткөрүү чакырыктары дагы болууда. Бирок этикалык көз караштан алганда, буга жол берилбейт.

Вакцина жалпыга качан жетет?

Коронавируска каршы вакцина жылдын аягына чейин чыгышы мүмкүн. Бирок ал дароо жалпыга берилбейт. Алгач медицина кызматкерлерине жана өнөкөт оорулары үчүн Covid-19 вирусун жуктурса коркунучка кабылышы мүмкүн болгон кишилерге берилет.

Ага карабастан вакцинаны жалпыга жеткирүү аракети тездик менен жүрөт. Окумуштуулар эмдиги жылдын башында дүйнө калкы жапырт эмдөөдөн өтөт дешүүдө.

«Албетте, үмүттөнүп отурам. Бирок вакцина быйыл же эмдиги жылы даяр болот деп айтуу аша чапкандык болуп калат. Биз ал баскычка жете элекпиз», — деди Британиянын премьер-министри Борис Жонсон.

Башка вакциналар кайсыл баскычта?

Оксфорд университетинен тышкары, АКШ менен Кытайдагы окумуштуулар дагы вакцинасынын алгачкы сыноолору жемиштүү болгонун жар салышкан.

АКШда жайгашкан Moderna компаниясы вакцинасы антителолорду иштеп чыгууга түрткү болду деп биринчи жарыялаган. Бул вакцина коронавирустун генетикалык кодунун бөлүкчөлөрүнөн турат. BioNtech менен Pfizer компаниялары дагы сыноолору натыйжалуу болгонун жарыялашкан.