Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 1108 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, 22-июлга карата коронавирустун жаңы 1 108 учуру катталды. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19га 29 359 адам чалдыкты.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

Бишкек — 324;

Ысык-Көл облусу — 229;

Чүй облусу — 176;

Ош — 112;

Ош облусу — 110;

Жалал-Абад облусу — 93;

Талас облусу — 61;

Баткен облусу — 58;

Нарын облусу — 35.

1108 жаңы учурдун 305и COVID-19дун лабораториялык тастыкталган. Калган 803 учур клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган. Ал эми 29 359 жалпы учурдун ичинен 14 967 бейтапта коронавирус, калган 14 392 кишиде ооруканадан тышкаркы пневмония аныкталган.

Учурда коронавирус жана ал шарттаган ооруканадан тышкаркы пневмониянын статистикалары бирге эсептелүүдө. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 12 563 адам дарыланып жатат, алардын ичинде 6 238 бейтапта коронавирус инфекциясы тастыкталган.

Учурда Бишкек шаарындагы ооруканаларда 2 858 бейтап дарыланууда. Ошондой эле, Ош облусунда — 549, Ош шаарында — 120, Жалал-Абад облусунда — 534, Ысык-Көл облусунда — 668, Чүй облусунда — 546, Талас облусунда — 343, Нарын облусунда — 254 жана Баткен облусунда — 173 коронавирус менен ооруган бейтап ооруканаларда калууда.

Март айынан тарта COVID-19га чалдыккан 1 123 бейтап кайтыш болду. Ал эми ооругандардын 52 пайызы — 15 851 бейтап илдеттен сакайды.