Атамбаевдин адвокаты мурдагы президенттин саламаттыгы начар экенин кабарлады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев фейсбук барагында кардары абалы начарлагандыктан ооруканага жатууга муктаж экенин, ал пневмония болгонун жана артериалдык кан басымы төмөн экенин жазды. УКМКдагылар Атамбаевдин саламаттыгы боюнча маалыматты четке кагып, ал күнү-түнү медкароодо экенин айтышууда.

«Ден соолугун бузушту»

«Алмазбек Атамбаев кызыкчылыгы бар адамдар аны УКМКнын ТИЗОсуна каматып, ден соолугун толугу менен бузушканын бир нече жолу айткан», — деп жазат Жоошев.

Анын айтымында, Атамбаевдин артериалдык кан басымы төмөн, андан улам мурдагы президенттин ички органдары иштебей калышы мүмкүн. Адвокат мурдагы президентке ооруканадан толук кандуу дарыланууга мүмкүндүк бербей жатышканын айтууда.

«Улуттук госпиталда аны эки тараптуу пневмониядан болгону бир жумага гана дарылашты. Андан кийин тез эле кайра ТИЗОго которушту. Мындай шалылыштык бир эле экс-президентти эмес, медиктерди да таң калтырды», — деп билдирет адвокат.

Мындан тышкары, Жоошевдин айтымында, Атамбаевдин камерасындагы шарттар оорулуу адам үчүн жарабайт. Адвокат камеранын ичи абдан үп экенин, свет өчүрүлбөсүн, эшиктин артында дайыма ызы-чуу экенин айтты.

«Ден соолукка даттануулар жок»

УКМКдан Жоошевдин камерадагы шарттары жана Атамбаевдин ден соолугунун начарлашы тууралуу сөздөрүн төгүндөштү. Алар мурдагы президентте эч кандай даттануулар жок экенин билдиришти.

«Ал кармоо шарттарына жана ден соолугунун абалына даттанган жок. Адвокаттар иши тергөөдөгү адамга улам-улам келип турушат. Туугандары менен жолугушууларга тыюу салынган эмес», — деп белгилешти УКМКдан.

ТЕМА БОЮНЧА: Атамбаев «пневмония» диагнозу менен абактан ооруканага которулду