Атамбаев «пневмония» диагнозу менен абактан ооруканага которулду

Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: Владимир Пирогов

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 30-июнда тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «эки тараптуу пневмония» диагнозу коюлганын билдирди.

Атамбаев дарылануу үчүн УКМКнын абагынан ооруканага которулду. Мындай чечимди дарыгерлер онлайн түрдө өткөрүлгөн консилиумда кабыл алышкан.

Мурдагы президент мындан бир күн мурда ден соолугуна даттанып, коронавируска анализ тапшырган. Бирок андан COVID-19 аныкталган эмес, өпкөсү эки тарабынан сезгенгени белгиленген.

Атамбаевдин жактоочуларынын бири Виктор Слесерав «Азаттык» басылмасына анын кардары ооруканага которулгандыгын тастыктаган, бирок кайсы ооруканага которулгандыгы тууралуу кабары жоктугун айткан.

УКМК тараткан пресс-релизде вирустун айрым белгилери байкалган Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Ысык-Ата аймактык ооруканасында COVID-19 вирусунан дарыланып жаткан тууганы менен байланышта болгон деп жазылган.

Ошондой эле Атамбаев жактоочусу жана туугандары менен бир нече ирет жолугушуп, кагаз жана буюмдарды алгыны белгиленген. Материал жарык көрөөр алдында Жоошевден жана анын жакындарынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

УКМКнын тергөө абагы кадимки тартипте иштеп жатат. Ал эми мекеменин кызматкерлери коронавируска анализ тапшырып, бирок алардан таажы вирусу аныкталган эмес.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев буга чейин кардарынын саламаттыгы начарлап жатканын бир нече ирет айтып чыккан. Ал УКМК Атамбаевдин ден соолугу тууралуу маалыматты жашырып жатканын божомолдогон. Анткен менен мекеме мурдагы өлкө башчысынын саламаттыгы канааттандырарлык экенин белгилеген.

Бир апта мурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Биринчи май райондук соту 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу менен анын мүлкүн конфискациялап, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жибергендиги үчүн айыптуу деп табылган. Атамбаев өзү соттук отурумда акыркы сөз айтуудан баш тарткан жана соттук процесс жабык өткөн.

Мындан тышкары, ага Кой-Таш окуясы боюнча «Массалык башаламандыкты уютуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери менен кылмыш иштери козгогон.