Москвада кыргыз кыздарына кол салууга үндөгөн кыргызстандыктар табылып, суракка алынды

Кыргызстан ИИМинин Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев фейсбук барагында башка улуттагы адамдар менен жүргөн кыргыз кыздарына кол салууга үндөгөн кыргыз жаранынын видео кайрылуусун жарыялады.

Видеодо ал мурда айткандарынан баш тартып, мекендештерди жаңжал чыгарбоого үндөгөн.«Кечээ чогулбадыкпы, ошол жерге такыр туура эмес маалымат келиптир. Эмнеге кечээ чогулдуңар мен билбейм. [...] Азыр мен ИИМде отурам, спрос менден болуп жатат, конкретный. Ошону токтотолу жигиттер. Эгер токтотпосок бул жаман нерсеге алып келет», — деди ал.

Нурлан Жанбаев видеонун катышуучулары ИИМде суракка алынганын, «мындан ары алардын аракеттерине юридикалык бааны Орус Федерациясынын укук коргоо органдары берерин» кошумчалады.

Кыздарга карата коркутуу айтылган видео

Мурдараак фейсбукта топтошкон эркек балдардын Москвада тартылган видеосу тараган. Анда чогулгандар кыргызстандыктарды башка улуттагылар менен жүргөн кыргыз кыздарын көрүп калышса, аларга кол салууга үндөшкөн.

Видеодогу балдардын бири Орусиядагы кыргызстандыктар «ар бир кыргыз баласы намысын ойготушу үчүн» биригиши керектигин айткан. Дагы бир киши кыргыздан башка улуттагыларды жандап жүргөн кыргыз кыздарды көрүп калышса, аларга кол салууга чакырган.

«Бир эскертели, эки эскертели. Укпайбы? Үчүнчүсүндө көтүн айрып, түбүнө жетели! Кайсы жерден болобу, көрөсүңбү, сигип тышташ керек ошол жерденчи! Эркекче айтканда да! Мен лично айтып келемин бул нерсени. Биз эскертүү берели, үчүнчүсүндө укпайбы? Мындайча айтканда жаагын сындыра эле чабалы да. Анан эсине келет. Биз ушул жерден кыргыз кыздарга күйгөн үчүн чогулуп жатабыз. Башка улуттар менен жүрүшөт, клубдарда ха-ха тээп, [алар менен] жатып бля. Алар болсо бля, көтүн сатып үйлөрүн багып жатышат, мындайча айтканда», — деп айтты видеодогу киши.

Кадр артында кыргыз кыздарына карата башка да коркутуулар жана чакырыктар айтылган.«Ушул видеону көргөндөн кийин кыргыз кыздары оңолгула чындап ушул акыркы эскертүү. Көчөдө көрүп, парктан кармаган жерде уже бүттү. Капа болбогула!» — деген кадр артындагы балдардын бири.

Дагы бирөөсү видеону интернетте таратып, айылда жашаган кыздарга «рейд» жасоого чакырган.

Биринчи эле жолу эмес

Кыргызстандыктар аялдарга ким менен сүйлөшүп, ким менен мамиле түзбөө керектигин биринчи жолу эле көрсөтүп жатышкан жок. Өлкөдө эркектер кыздарды аларга жакпаган адам менен жүргөнүн көрүп кыз-келиндерге кол салган учурлар көп кездешет.

Айрым учурлар резонанс жараткан — ошондой учурлардын биринде эркек кишилерден турган топ жаш кызды сабап, анын башка айылда турган досун өлтүрүп коюшкан. Ал эми Бишкектин базарларынын биринде бейтааныш киши күйөөсү кыргыз эмес болгон аялга кол салган.

Чет жакта жүргөн кыргызстандыктар ал жактагы мекендеш кыздарды опузалап, кодулап керек болсо кол көтөргөнгө чейин барган учурлар көп.

2012-жылы интернетте видеороликтердин сериясы тараган. Анда башка улуттагы эркектер менен жүргөн кыздарды сабап жаткан учурлар тартылган.

Кийинчерээк Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугу кыздарды кордоого шектелгендердин экөөсү эч жакка кетпөө тил каты менен кармалганын маалымдаган.2013-жылы дагы интернетте кыргызстандык мигрант кыздардын сабалып жатканы тартылган видео тараган.

Ал видеодон бейтааныш адамдар кызды сабап жатканын даана көрүүгө болот. Ошол эле учурда видеонун башынан аягына чейин топтошкон балдар кызды өлтүрүп коёбуз деп коркутушкан.

Башкалар менен жүрөсүңөр деп суракка алынып жаткан кыздардын видеолору 2012-жылдан 2016-жылга чейин бир нече ирет чыккан.

Жарык көргөн видеолордун бардыгында кыз-келиндер мекендештери тарабынан суракка алынып, сабалып, жылаңачтандырылып, шылдыңдалып, опузаланып жана кордук көргөн.