Орусия: Кыргыз мигрант кыздын мекендештери тарабынан сабалгандыгы тартылган кезектеги видео

Кыргыз мигрант кыздын өз мекендештери тарабынан сабалгандыгы тартылган кезектеги видеотасма 16-декабрь күнү «Билайв» видео-сервисине жарыяланды. Кыргызстандын ИИМинин өкүлү окуя Орусияда болгондугун билдирүүдө.

Видеонун автору кол салгандардын өзүлөрү — андагы сүрөттөлүшкө ылайык, алар экөө болушкан, бирок беттери көрүнгөн эмес.

Видеодо алар Орусиянын шаарларынын биринин көчөсүнөн өтүп бара жаткан кызды токтотушуп, аны өзбектер, тажиктер менен мамиледе болгон деп айыптоо менен кызды сабагандыктары тартылган.

7 мүнөттөн узакка созулган видеодо кол салгандар кыздын белине, курсагына жана төшүнө бир нече жолу тебишкен.

Алардын кол салуусу кыргыз жана орус тилдериндеги коркутуулар, сөгүнүүлөр менен коштолгон.

Кол салгандар өзүн Айнагүл деп тааныштырган кызды өзбек, тажик улутундагы адамдар менен мамиледе болгондугу тууралуу кыйнап айттырышкан. Бирок видеодо көбүнчө тизелеп отурган Айнагүлдүн антип айтканына карабастан алар ур-токмокко алууларын токтотушкан эмес.

Ошондой эле видеодон кыз алгач кол салгандар менен бирге бир электричкада, аларга көңүл бурбастан башка улуттагы бала менен сүйлөшүп келгендиги да белгилүү болот — кол салгандар кызды ошол аракети үчүн да айыпташкан.

Видео ортосуна келгенде кокустан эле үзүлүп калган, азыркыга чейин окуя эмне менен аяктагандыгы белгисиз.

Ошондой эле видеонун болжолдуу түрдө качан тартылгандыгы да белгисиз болууда.

Биргелешкен иш-чараларга үмүт артуу

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасы аркылуу окуя Москвада болгон деп божомолдоду.

Ал мындай кылмыштарды иликтөө жеңил болбостугун мойнуна алды.

«Негизги көйгөй, жабырлануучулардын орус полициясына арыз менен кайрылбай коюуу ыктымалдыгында», — деп жазган Осмонбаев видео тууралуу өз пикирин.

Бирок ал кол салгандарды аныктоо боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүгө үмүт артаарын кошумчалады.

«Ал адамдарды аныктап, колго түшүрүүгө Орусиянын укук коргоо органдары көмөктөшөт деп ойлойбуз. Ооба, бизде Орусия Федерациясынын аймагында биргелешкен ыкчам-иликтөө иштери көп эле жүргүзүлөт», — деп түшүндүрмө берди ИИМдин өкүлү.

Видео «Билайв» сервисинин колдонуучуларын да четте калтырган жок, алар ролик жарыялангандан бери тынымсыз өз пикирлерин жазып жатышат.

«Бул кыргыз элин уят кылып, кычкылтекти бекер коротуп жүргөн акылсыз бузукулардын тобу», — деп жазган колдонуучулардын бири.

Башка бир колдонуучу кол салгандарды «табияттын жаңылыштыгы» деп да атаган.

Бул окуя Орусиядагы кыргыз диаспорасынын ичинде орун алган мындай алгачкы учур эмес.

2012-жылы мигрант кыздарды уруп-согуп, аларга кордук көрсөткөн учурлар тартылган видеолордун интернетке тарашы кыргыз коомчулугунун үрөйүн учурган.

Айнагүлдүн учурундай эле анда да кол салгандар ал кыздарды башка өлкө өкүлдөрү, башка улуттагы адамдар менен мамиледе болгон деп айыпташкан.

Алардын коомчулукка кеңири жайылып, катуу талкууга алынгандарынын бири өздөрүн «Патриот» деген аталыштагы кыймылдын өкүлдөрүбүз деп аташкан мекендештери тарабынан сабалган Сапаргүл деген кыздын кордолушу тартылган видео болгон.

Сапаргүл кол салгандарга каршы Орусия полициясына арыз жазууга батынган алгачкы кыз болгон, анын жыйынтыгында өткөн жылдын июлунда ага кордук көрсөткөндөрдүн экөөсү Екатеринбург шаарында кармалышкан.

Айнагүлдүн сабалышы тартылган видео:

[КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАРБул видеодо мыкаачылык, ырайымсыздык жерлери бар! Жаш балдарга көрсөтпөңүздөр жана эгер мындай видео сизге да жаман таасир калтырат деп эсептесеңиз өзүңүз дагы көрбөңүз]

Автор: Бектур Искендер