Азимжан Аскаров ооруп жатат, дээрлик тамактанбай жана өз алдынча баспай калды — адвокат

Front Line Defenders укук коргоо уюму билдиргендей, адвокат Валерьян Вахитов укук коргоочу Азимжан Аскаровдон кабар алып, анын саламаттыгы начарлап кеткенин байкаган.

Вахитовдун айтымында, Аскаров өз алдынча баса ала тургандай абалда эмес, ал эми адвокат менен жолугушууга аны колониянын кароолчулары жөлөп алып келишкен. Муну менен бирге укук коргоочу арыктап кеткен, ошондой эле ал дээрлик тамак жей албагандыктан ага глюкоза инъекцияларын сайып турушат.

Вахитов коргоп жаткан адамы кубарып, жөтөтүп атканын да байкаган. Колониянын фельдшери адвокатка Аскаровдун ооруп жатканына 10 күн болуп калганын кабарлаган.Ал эми ЖАМКтан «Клоопко» Аскаровдун ден соолугунун абалы жакшы, ага меджардамдын кереги жоктугун, ал эми укук коргоочунун саламаттыгы начарлап кетти деген маалымат туура эмес экенин кабарлады.

Front Line Defenders укук коргоочу уюму Аскаровдун ден соолугунун начарлашына тынчсызданууда.

«Кыргызстандын бийлигин Азимжан Аскаровго тийиштүү меджардам көрсөтүүгө, ага карата чыккан өкүмдү жокко чыгарууга, укук коргоочуну токтоосуз бошотууга чакырабыз», — деп билдиришти уюмдан.

Мурдараак 10-июлда «Бир Дүйнө Кыргызстан» укук коргоочу уюму өлкөнүн өкмөтүнө кайрылып, Аскаровду бошотууга чакырган. Уюм кайрылуусунда укук коргоочу катуу ооруп жатканын айткан.

Укук коргоочулар Аскаровго акыркы жолу барышканда «өтө арыктап кеткен» укук коргоочу жылынууга аракет кылса да буту дайыма үшүп, жылыбай атканын жазышкан.

«Ал көпкө тура албайт, анын көздөрү чымырап, башы айланып жатат. Ал уктай албайт, жөтөл жана жаман түш кыйнап койду, адатта таңкы 4тө ойгонот. Кээде дене табы кескин көтөрүлүп, кайра түшүп кетип, тердей баштайт. Ал оор дем алып жатат, төшү ооруп жатат», — деп укук коргоочулар Аскаровдун абалын сүрөттөп беришкен.

Ошондо ЖАМКтын басма сөз кызматы укук коргоочунун ден соолугунун начарлаганы тууралуу маалыматты четке кагып, аларда абактагыларды дарылоо үчүн «баары бар» экенин билдиришкен.

«Жаңы-Жер айылындагы мекеме заманбап шарты бар заманбап имарат, ал бардык стандарттарга жооп берет. Врачтар бар, дары-дармек бар. Бардыгы көзөмөлдө. Ал жакта видеокамералар орнотулган, ар бир кыймыл катталып турат», — деп билдиришкен ЖАМКтан.

Мындан тышкары, ЖАМКтан билдирүүсүнө караганда, эгер Аскаровдун ден соолугу начарлап кете турган болсо, ал мамкызматтын «борбордук ооруканасы жайгашкан №47 колониясына которулушу мүмкүн».

Аскаров деген ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндөгү укук коргоочу. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөсүнөн улам белгилүү болгон.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган.

Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун тааныган. Комитет Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарууну талап кылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин андай боло элек.

ТЕМА БОЮНЧА: