Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 31 миңден ашты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 24-июлга карата коронавирустун жаңы 921 учуру катталганын кабарлашты. Алардын 263үндө COVID-19 лабораториялык тастыкталган.

Лабораториялык тастыкталган жаңы учурлардын 55и Ош шаарында катталды. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунда — 46, Бишкек шаарында — 43, Баткен облусунда — 41, Ысык-Көл облусунда — 34, Чүй облусунда — 33, Ош облусунда — 10 жана Нарын облусунда — 1 кишиде коронавирус лабораториялык аныкталды.

Коронавирустун калган 658 учуру клиникалык эпидемиологиялык тастыкталган — алардын 230у Бишкек шаарында аныкталды. Мындан сырткары Чүй облусунда — 107, Жалал-Абад облусунда — 92, Ош облусунда — 81, Ысык-Көл облусунда — 73, Талас облусунда — 25, Нарын облусунда — 21,Ош шаарында — 20 жана Баткен облусунда — 9 учур.

*Коронавирус клиникалык эпидемиологиялык тастыкталган учурда бейтаптын COVID-19га тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөтөт. Бирок буга карабастан адамда коронавирустун белгилери байкалып, ал ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыгат. Өкмөт 17-июлдан тарта коронавирус жана пневмониянын статистикаларын бирге жүргүзүүдө.

Мындан сырткары илдеттен өткөн суткада 1 247 бейтап айыгып, 42 киши каза болду.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 31 247ге жетти. Бул статистикага коронавирус жана ал пайда кылган ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругандар кирет.

Ал эми жалпысынан Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 18 038и айыгып, 1 211 киши көз жумду. Учурда ооруканаларда 12 385 бейтап дарыланып жатат.