Жапар Асанов — оштук ишкер, бир нече курулуш фирмалардын ээси. Ал Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) тендерлеринде 6 млн сом акча тапкан. Ушул келишимдерди түзүү үчүн анын компаниялары аукциондорго катышып, акыркы 3 жылда 47 жолу жеңишке жетишкен. Бирок маселе башкада — Асанов өзүнүн эле компаниялары менен атаандашып, жасалма конкуренция жараткан. Ал эми ОшМУ бул мыйзам бузууларга көз жумуп, алар менен келишим түзүп турган. «Клооптун» дата-журналисттери мындай алдамчылыкты «коррупция шакектери» деп атап койгон. Бул материалда жасалма аттандаштык Ошто кандай уюштурулганын териштиребиз.

Үч «клон», 47 тендер

2004-жылы Оштун тургуну Асанов Жапар Сарыбаевич «Дастан-Мир» аттуу курулуш компаниясын ачып жетектей баштаган. Арадан он жыл өткөн соң ал «Ай-Тамга Строй» ААК деген дагы бир курулуш компанияны каттоодон өткөрөт. Бирок ага башка жетекчи, атап айтканда, Асанов Шарабидин Жапарович дайындалат — ал Жапардын уулу болушу ыктымал. Арадан дагы үч жыл өткөн соң Асанов «Билал Строй» аттуу дагы бир курулуш компаниялуу болот. Бул компанияга Сарыбаев Дастанбек Жапарович директор болуп дайындалган.

Бир караганда бул көрүнүштө таң калычтуу эч нерсе деле жок, көптөгөн бизнесмендер бир нече юридикалык жактарга ээлик кылат. Бирок ушул үч компания тең төмөндөгү төрт мамлекеттик мекеменин мамлекеттик сатып алууларында жигердүү катышып келет:

  • Ош мамлекеттик университети
  • Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты
  • Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институту
  • Шаардык стоматологиялык поликлиника

Ошол эле учурда Асановдун фирмалары бир эле маалда бир эле тендерлерге 144 жолу катышкан.

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык, тендерге катышкан компаниянын директору же негиздөөчүлөрү окшош болсо бир тарапты жеңүүчү деп тапканга болбойт. Бири-бирине байланыштуу компаниялардын билдирмелери кабыл алынбашы керек деп мыйзамдын 6-беренесинде жазылган.

Бирок «Дастан-Мир», «Ай-Тамга Строй» жана «Билал Строй» тендерлерге катышып гана жөн калбастан, алар 47 учурда жалгыз катышуучу болушкан. Мындай жол менен Асанов тендерлерде өзү менен өзү атаандашып, бюджеттен 6 млн сом уткан.

Негизинен өткөн тендерлер ОшМУнун аймагын оңдоп-түзөө менен шарттарды жакшыртууга байланышкан. Кызыгы, тендерлердин көбүндө жеңип чыккан компания келишим түзүлгөндөн кийин 3-5 күндүн ичинде эле курулуш иштерин аткарышы керек болгон. Ушундай катаал мөөнөттөр Асановдун атаандаштарын «ылгоонун» дагы бир куралы болушу ыктымал.

«Клон компаниялар» кандай иштерди жүргүзүшкөн?

«Клооптун» кабарчысы ремонттолгон аудиторияларга кире алган жок, бирок биз университеттин аймагында кандай иштер жасалганын текшере алдык.

«Дастан-Мир» компаниясы 8 900 сомго «Ак-Кеме» кемесинин макетин бузуп, кайра чогулткан.

«Ак-Кеме» кемесинин макетин бузуп, кайра чогултуу 8900 сом турган

Ошол эле фирма 125 миң сомго ОшМУнун №2 окуу корпусунун кире беришиндеги калканычты жаңырткан.

Кире бериштеги калканычтын баасы 125 миң сом болгон

300 миң сомго «Ай-Тамга Строй» компаниясы №2 окуу корпусунун айланасын көрктөндүрүп берген. Сметага бордюрлары бар бетонн жолдорун төшөө, газон эгүү, баскетбол жана волейбол үчүн спорт аянтчаларын жаңыртып берүү иштери кирген.

ОшМУнун №1 окуу корпусунун тышкы бетин жасалгалоо ишине мамлекет 250 миң сом кетирген. Бул иштерди «Дастан Мир» компаниясы аткарган. Анын сметасына ылайык, бул 300 чарчы метр фасад плиталарын демонтаж кылуу жана колонналарды керамогранит менен каптоо керек болчу.

Ушул эле компания №6 окутуу корпусунун аймагында темирден жасалган тосмолорду орноткон. Эски тосмону алып, жаңысын коюуга ЖОЖдун бюджетинен 163 миң сом кеткен.

Медицина факультетинин кире беришине коюлган көк түстөгү калканыч 50 миң сомго айланган.

ОшМУ: «Фирмалар ар башка адамдарга таандык»

ОшМУнун басма сөз кызматы «Клоопко» административдик-чарба башкармалыгы «эгер бул мыйзамга туура келбегенде компаниялар менен келишим түзө алмак эмес» деп билдирди. Университеттин басма сөз катчысы тендерге катышкан фирмалар ар башка адамдарга таандык деп ишендирди. Бирок «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамдагы кызыкчылыктар кагылышы тууралуу айткандан кийин басма сөз катчы маалыматты тактап берүүнү убадалап, ошол бойдон байланышка чыккан жок.

Ката болушу мүмкүн эмес: Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуу порталында үч компаниянын тең конкурстук билдирмелеринде бир эле дарек көрсөтүлгөн. Ал дарек Юстиция министрлигинин сайтындагы фирмалардын юридикалык каттоосундагы дарекке дал келет. Мындан тышкары, эки компаниянын телефон номерлери да окшош.

Мындан тышкары, биз шайлоочулардын базасынан негиздөөчүнүн маалыматтарын текшерип көрүп, Ошто Асанов Жапар Сарыбаевич аттуу бир эле киши бар экенине ынандык. 2012-жылы аты-жөнү ушундай адам шаардык кеңешке шайлоого «Республика» партиясынын тизмеси менен «Дастан-Мир» курулуш компаниясынын директору катары аттанган.

«Клооп» Асанов менен байланыша алган жок. Юстиция министрлигинин базасында көрсөтүлгөн телефон номер оператор тараптан тейленбей калган. Асановду компаниянын катталган дареги боюнча табуу да жыйынтык берген жок.

Авторлору: Элдияр Бакиров, Екатерина Резникова

Редакторлору: Азиза Раимбердиева, Элдияр Арыкбаев