Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн жасаган иллюстрациясы

«Клооптун» дата-бөлүмү мамлекеттик сатып алууларга бир эле кишилер негиздеген компаниялар катышып келгенин аныктады. Алар аттаандаштыкты жасалмалап, тендерлерди күрөшсүз утуп алышат, анткени алардан башка катышуучулар жок. Мыйзам мындай компаниялар менен келишим түзүүгө тыюу салат жана муну «кызыкчылыктар кагылышы» деп атайт.

Дүйнөнүн башка көптөгөн өлкөлөрү сыяктуу эле Кыргызстанда да мамлекеттик сатып алуулар системасы бар — бул бюджеттин эсебинен товар жана кызматтарды сатып алып жаткан мамлекеттик буйрутмачылар менен жеке компаниялардын ортосунда алаканы автоматташтырган электрондук портал. Система төмөнкүлөрдү ишке ашыруу үчүн түзүлгөн:

  • бюджеттин чыгымдарын азайтуу үчүн сунушталгандардын ичинен эң төмөн баадагы товар тандалып алынат;
  • сатып алуучу тарап менен камсыздоочулардын ортосунда жеңичинен сүйлөшүп алууларга бөгөт коюп, коррупцияны алдын алат;
  • атаандаштыкты жогорулатуу үчүн мамлекеттик сатып алууларга ар бир каалоочу катыша алат. Ал эми документтерди электрондук түрдө тапшыруу бюрократиялык басымды азайтат.

Бирок бул кагаз бетинде гана. Иш жүзүндө дээрлик башкача — тендерден мыктылар эмес «керек болгон кишилер» утуп чыгышы үчүн мамлекеттик органдар ар түрдүү айла-амалдарга барышат. Буга — коррупциялык латын алфавити мисал боло алат.

2016-жылы «Клооптун» журналисттери аныкташкандай, Чоң-Алай айылдык администрациясы тендерлердин аталышында кириллицинын ордуна латын символдорун колдонуп, мамлекеттик сатып алуулар порталында 8 млн сомдук тендерлерди жашырып койгон. Жыйынтыгында, башка катышуучулар тендер тууралуу маалыматты мамлекеттик сатып алуулар сайтынан таба албагандыктан, алардын баарын бир компания утуп чыккан. Биз бул тууралуу жазып чыккандан кийин Кыргызстанда коррупциялык латиницага тыюу салынган.

Чоң-Алай айылдык администрациясынын тендерлеринде утуп кеткен «Компания Багиз» ЖЧКсы «Клоопко» коррупциялык латиница тууралуу материалды өчүрүү үчүн 500 АКШ долларын сунуштаган. Биз минтип иштебейбиз деп айтып түшүндүрүүгө туура келди

Дайыма колдонулган дагы бир башка кайырмак — бир компанияга ылайыкталып жазылган техтапшырма жана катышуучулардын биринин пайдасы үчүн конкурс өткөрүүнүн эрежелерин бузуу.

«Клооптун» жана OCCRP уюмунун журналисттери Кыргызстандын жарандары үчүн биометрикалык паспортторду жасатуу боюнча тендерде ушундай эреже бузууну табышкан. Тендерге катышууга бир нече чет элдик компания аттанган. Конкурстун шартын бардыгы бузган, бирок кээ бирин соодалашууга жолотпой, башкаларына жол ачып беришкен.

Паспортторду жасатуу боюнча тендерге тиешеси бар Мамлекеттик каттоо кызматынын үч аткаминери айыпка жыгылган. Жыйынтыгында Mühlbauer ID Services менен контракт түзүлгөн. Бул алгач тендерге жолотпой коюшкан компаниялардын бири.

Кыязы биз мамлекет менен байлынышкан бизнес мыйзамды буйтап өткөн дагы бир жолду таптык окшойт.

«Коррупция шакектери» деген эмне?

«Клооптун» дата-бөлүмүнүн программисттери мамлекеттик сатып алуулар базасы менен Юстиция министрлигине катталган юридикалык жактарды бириктирип, тендерлерде бир эле адамдарга таандык болгон компаниялар катышып жатканын аныкташкан. Алардын негиздөөчүлөрүнүн тизмеси дал келип (жарым-жартылай же толугу менен) же директору болуп бир эле киши дайындалган.

Бир эле адам эки, же жада калса үч юридикалык жак каттатып аукциондо өзү менен өзү таймашып атаандаштыкты жасалмалаган учурлар аз эмес, себеби соодалашууга бир эле компания аттанган болсо, анда конкурс өткөн жок деп жарыяланып калмак.

Сандар сүйлөсүн:

- бардык мамсатып алууларга дээрлик 17 000 компания катышкан, алардын ичинен негиздөөчүлөр же директорлор аркылуу бири-бири менен байланышта болгон 288 компанияны таптык;

- байланышы бар компаниялар 1619 тендерге катышып, алардын үчтөн бирин утуп алышкан. Мамсатып алуулардын базасында жалпысынан 1,5 млн.дон ашык тендер бар экенин эске алсак, бул сан анчейин көп эмес.

Биз бул көрүнүштү «корупциянын шакектери» деп атап, аны атайын тырмакчага алдык. Себеп дегенде компанияларды бир эле адам көзөмөлдөп атканына ынануу үчүн ар бир учурду текшерүү кажет. Юстиция министрлигинин маалымат базасында компанияларды негиздеген жактар ИИНи жок көрсөтүлгөн, демек аты окшош адамдар жөн гана аты уйкаштар экенине 100% кепилдик жок.

Кадимки «коррупция шакеги»

Бирок, эң аз дегенде 186 учурда тендерге байланышы бар компаниялардан башка эч ким катышкан эмес. Ушундай «атаандаштыгы жок» сатып алуулардын жыйынтыгында мамлекеттик бюджеттен 83 млн сом коротулган.

Мисалы, Оштогу тендерлерди карап көрөлү

Асанов Жапар Сарыбаевич үч курулуш компаниясын түзгөн — «Ай-Тамга Строй», «Дастан-Мир» жана «Билал Строй». Алар жуп-жуп болуп дээрлик 150 тендерге катышышкан, алардын ичинен үчтөн бирин — 6 млн сом сумманы Асанов жалгыз утуп алган. Тоорукта анын компаниясынан бөлөк эч ким катышкан эмес.

Сатып алууну Ош мамлекеттик университети өткөргөн. Тендердин жыйынтыгы боюнча ЖОЖ Асановдун фирмалары менен курулуш иштерин жүргүзүүгө келишим түзгөн.

«Бул мыйзамсыз, — деп түшүндүрөт “Клооптун” юристи Фатима Якупбаева, — Кыргызстандын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүндө мындайча айтылган: тендерди утуп алган компаниянын негиздөөчүсү, же жетекчиси ошол эле конкурска катышкан башка компаниянын (жалданмачы) уюштуруучусу же башчысы болсо, сатып алуучу уюм берүүчү менен сатып алуулар жөнүндө келишимди же алкактык макулдашууну түзө албайт. Демек кызыкчылыктар кагылышы болгон».

Өзүңүз аракет кылып көрүңүз:

Биз атайын интерфейс жасадык. Сиз анын жардамы менен биздин базадагы байланыштар кантип түзүлөөрүн карап көрө аласыз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн иконканы эки жолу басыңыз.

Сиз объектилерди өз алдынча жылдырып, жакындатып жана алыстата аласыз.

Мисалы бул видеодогудай кылып:

Эми интерактивдүү сүрөттө өзүңүз аракет кылып көрүңүз:

Биз материалдын аягында сиз үчүн дагы көп шакектерди даярдап койдук.

Кыргызстандын Финансы министрлиги биздин сурамга берген жообунда мындай конкурстук билдирмелер жокко чыгарылышы керек деп көрсөткөн — бул тууралуу «Мамсатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин 8-бөлүгүндө так жана даана айтылган.

186 тендердин жарымында бири-бири менен байланышкан эки компаниянын бирөөсү келишим түзүлгөн. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтында бар. Калган келишимдер белгисиз себептерден улам жарыяланган эмес, бирок алар боюнча тендерлер жокко чыгарылган эмес.

Биз департаменттин сайтынан кызыкчылыктар кагылышынан улам жокко чыгарылган тендерлерди таба алдык:

  • Ысык-Көл өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция юридикалык жак Алиев Павел Ибраимовичтен Түп райондук прокуратурасына кызматтык автоунаа сатып алуудан баш тарткан;
  • РСК «Банк» ААК ага маршрутизатор сатууну каалаган Ногоев Кутубек Жолдошевичтин фирмаларынын тендерге катышуу билдирмесин жокко чыгарган.

Бул кызыкчылыктар кагылышынын айынан тендер жокко чыгарылган жападан-жалгыз эле учур эмес болушу керек. Бирок аны текшерүү кыйын, анткени мамсатып алуулар сайтында «Жокко чыгаруунун себеби» кызматкерлер тарабынан колго толтурулат. Көбүнесе анда таптакыр маалымат камтылбайт же болбосо ката толтурулган болот.

Юрист түшүндүрүп бергендей, сатып алып жаткан уюмдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн мыйзам бузуунун өзүн жана келтирилген зыянды аныктап алыш керек.

«Мамлекет өзү зыян тууралуу ачыктабайт болушу керек. Сатып алып жаткан уюм да, көзөмөлдөөчү органдар да мамлекетти түзүп жатпайбы, — дейт Якупбаева, — Алар минтип айтышат го дейм: “Подрятчы жумушту баарынан арзан аткарды. Ошондуктан, мындай фактылар боюнча арыздануучу болушу керек. Тактап айтканда атаандашкан тарап».

Ошто мыйзамсыз тендерлерге арыздана тургандар бар: Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы чоңдугу боюнча экинчи шаарда 1000ден ашуун курулуш компания катталган. 192 компания, анын ичинде жеке ишкерлер, ар кайсы убакта ОшМУнун тендерлерине катышкан.

Жалпылап айтканда «коррупциянын шакектери» сымал түзүлгөн компаниялар тендерге алар менен байланышы жок болгон компаниялар же фирмалар катышканда атаандашууга туура келгендиктен утулуп калышат.

«Коррупциянын шакектери» көрүнүшүндө түшүнүксүз көп нерселер бар:

Эмне үчүн кээ бир учурларда байланышы бар юрдидикалык жактардын билдирмелери четке кагылып, айрым учурларда андай болбойт?

Эмне үчүн айрым уюмдар өзү менен өзү атаанташкан юридикалык жак менен келишим түзүүдөн баш тартып жатса, башкалары кызыкчылыктар кагылышын сүрөмөлөп жатат?

Дегеле адамдар эмне себептен конкурска бир эле маалда катышкан бир нече юридикалык жактарды негиздешет?

Эгер сизде айта турган сөзүңүз бар болсо, комментарийиңизди бул жазуунун астына калтырыңыз.

Дагы шакектер

Мына дагы 21 «коррупция шакегин» карап эксперимент жасасаңыз болот:

Төмөнкү шилтеме боюнча өзүңүздүн «коррупция шакегиңизди» таба аласыз:

https://kloopmedia.github.io/graph-montecristo/?url=https://raw.githubusercontent.com/KloopMedia/graph-montecristo-config/master/nodes_v3.json

«Коррупция шакектеринин» үстүндө иштегендер:

Автору: Екатерина Резникова;

Редактору: Азиза Раимбердиева;

Которгондор: Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков

Программисттер: Хаким Давуров, Алексей Гуляев, Ринат Тухватшин, Атай Нарынов, Анна Бойко;

Видео: Арсений Мамашев;

Жетекчи: Ринат Тухватшин.

Материал «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан каржыланган «Көз карандысыз журналистиканы өнүктүрүү» долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Материалда айтылган ой-пикирлер жана тыянактар фонддун көз карашын билдирбейт.