Кыргызстанда коронавирустан дагы 1165 бейтап айыкты

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Республикалык штаб 25-июлга карата коронавирустан дагы 1165 бейтап айыкканын кабарлады.

Ооруканалардан чыгарылган бейтаптардын 609у Бишкек шаарында катталды. Ошондой эле, Чүй облусунан — 141, Жалал-Абад облусунан — 95, Ош облусунан — 79, Ош шаарынан — 62, Баткен облусунан — 59, Ысык-Көл облусунан — 50, Нарын облусунан — 44 жана Талас облусунан — 26 бейтаптын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 19 203кө жетти. Алардын 1305и медкызматкер.

Ал эми илдет 32 124 адамдан аныкталган — анын 1249у каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.