Коронавирус дагы 548 кишиден аныкталды, алардын эң көбү Бишкекте катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 28-июлга карата коронавирустун жаңы 548 учуру катталганын кабарлашты. Алардын ичинен 65 бейтапта COVID-19 лабораториялык тастыкталды.

Лабораториялык тастыкталган жаңы учурлардын 18и Жалал-Абад облусунда катталды. Ошондой эле, Чүй облусунда — 12, Бишкек шаарында жана Баткен облусунда — тогуздан, Ош шаарында — жети, Ош облусунда — беш, Талас облусунда — төрт, Ысык-Көл облусунда — бир кишиде коронавирус аныкталды.

Коронавирустун калган 483 учуру клиникалык эпидемиологиялык тастыкталган — алардын 133у Бишкек шаарында аныкталды. Мындан сырткары Жалал-Абад облусунда — 83, Ысык-Көл облусунда — 82, Ош облусунда — 60, Нарын облусунда — 33, Ош шаары жана Талас облусунда — 26дан, Чүй облусунда — 24, Баткен облусунда — 16 учур катталды.

*Коронавирус клиникалык эпидемиологиялык тастыкталган учурда бейтаптын COVID-19га тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөтөт. Бирок буга карабастан адамда коронавирустун белгилери байкалып, ал ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыгат. Өкмөт 17-июлдан тарта коронавирус жана пневмониянын статистикаларын бирге жүргүзүүдө.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 33 844кө жетти. Анын ичинен бейтаптардын 22 296 бейтап айыгып, 1329 киши көз жумду.

Бул статистикага коронавирус жуктуруп алгандар жана ал пайда кылган ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооругандар кирет.