Өткөн суткада коронавирус жуктурган 1091 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт 

Республикалык штаб 28-июлда коронавирустан 1 091 бейтап айыкканын кабарлады.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында дарыланып жатышкан — 329. Ошондой эле, илдеттен Чүй облусунда — 84, Ош облусунда — 85, Жалал-Абад облусунда — 195, Ош шаарында — 76, Нарын облусунда — 67, Баткен облусунда — 70, Талас облусунда — 48 жана Ысык-Көл облусунда — 137 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Ал эми ооруканаларда жалпысынан 10 227 бейтап дарыланып жатат. Алардын 4 428инде COVID-19 лабораториялык аныкталган, калган 5 799 кишиде клиникалык эпидемиологиялык тастыкталган.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 22 296 бейтап айыкты.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 33 844кө жетти.