Экс-элчи Кылычбек Султан бийликти басып алуу тууралуу иш боюнча сурак берди

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы экс-элчиси Кылычбек Султан фейсбук барагында ага «бийликти күч менен басып алуу» беренесин «таңуулоого» аракет кылып жатышканын айтып берди. Ал буга чейин фейсбук барагында президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча 5-августта митинг өтөөрүн жазып, андан кийин суракка алынган.

Султан эл ичинде бийликти басып алгыдай «колдоого ээ эместигин» айтат.

Кылычбек Султандын фейсбук барагынан алынган скриншот

«Эгер менде мага “таңуулап атышкан” “бийликти басып алуу” үчүн эл ичинде жетиштүү колдоом болгондо, анда мен ошол колдоону 4-октябрда парламенттик шайлоону жеңүү үчүн колдонмокмун», — деп жазган ал.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» курган маегинде, Султан УКМКда бийликти күч менен басып алуу тууралуу иш боюнча сурак бергенин тастыктады.

Токтакунованын айтымында, экс-элчи суракка 23-июлда чакырылган, бирок адвокатсыз сурак берүүдөн баш тартканы үчүн сурак 27-июлда өткөн. Султан «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күбө катары суракка алынган.

Токтакунова мурдагы элчи көчөгө чыгып, бийликти басып алууга чакырган эмес деп эсептейт.

Кылычбек Султан 23-июлда суракка чакырылган. Чакыруу катында ал күбө катары көрсөтүлгөн. Султан мурда да УКМКда сурак берген. 2019-жылы ал Кой-Таш айылына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге барганы үчүн күбө катары суракка чакырылган.

Ал учурда УКМКнын басма сөз кызматынан Султан «мурда козголгон кылмыш иши боюнча» күбө катары чакырылганын билдиришкен. Анткен менен атайын кызматтан кеп кайсыл кылмыш иши жөнүндө болуп атканын тактап айтышкан эмес.

Султан кыргыз тилинде жарык көргөн «Супер-Инфо» гезитинин да ээси болуп саналат. Финпол гезитти салык төлөөдөн буйтоого шектеген.

2019-жылы майда соцтармактарда Султан басылманы бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовго сатып жибергени айтылган. Султан өзү бул маалыматты четке каккан.