«Жээнбековго импичмент акциясы». Экс-элчи Кылычбек Султан УКМКга чакырылды

Кыргызстандын Малайзиядагы жана Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети суракка чакырды. Бул тууралуу Султан өзүнүн фейсбук баракчасында жарыялады.

Сурак бүгүн, 23-июлда, саат 9:00гө белгиленген. Экс-элчинин айтымында, ал суракка күбө катары чакырылган.

Султан УКМКнын чакыруусу «Сооронбай Жээнбековго — ИМПИЧМЕНТ» аттуу нааразычылык акциясына чакырыктар тууралуу фейсбуктагы постту себеп болушу мүмкүн. Митингди өткөрүү алдын ала 5-августка пландалган.

Өзүнүн постунда Султан нааразычылык митингинин негизги талаптары «кайдыгер эмес жарандардын сунушун эске алуу менен Демилгечи топ тарабынан макулдашылат» деп билдирген. Экс-элчинин айтымында, «демилгечи топтун» курамы активдүү жарандар жана саясатчылардан турат.

Кылычбек Султан 2017-жылдын октябрь айында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалган. Бир жылдан кийин президент, Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен Султанды ээлеген кызматынан бошоткон. Буга экс-элчинин ведомстводогу бир нече бузууларды ачыкка чыгарганы себеп болгон.

УКМК Кылычбек Султанды биринчи жолу суракка чакырып жаткан жок — буга чейин ал 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккандан кийин күбө катары суралган. Атайын кызматтан Султан мурда козголгон кылмыш иш боюнча күбө катары чакырылганын билдиришкен. Бирок УКМК кайсы кылмыш иши тууралуу сөз болуп жаткандыгы туурасында так кесе айтышкан эмес.

Экс-элчи кыргыз тилдүү «Супер-Инфо» гезитинин мурдагы ээси. Бул гезитти финпол салык төлөөдөн качкан деп шектеген. Бирок соттун чечими менен гезит акталган. Ал эми 2019-жылдын май айында социалдык тармактарда Султан басылманы бажынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго сатты деген кептер тараган. Султан өзү муну төгүндөгөн.