Коронавирус дагы 631 кишиден аныкталды, илдеттин эң көбү Бишкекте катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Республикалык штабдан 30-июлга карата коронавирустун жаңы 631 учуру катталганын кабарлашты. Алардын ичинен 182 бейтапта COVID-19 лабораториялык тастыкталды.

Лабораториялык тастыкталган жаңы учурлардын 56сы Ош шаарында катталды. Ошондой эле, Чүй облусунда — 32, Жалал-Абад облусунда — 28, Баткен облусунда — 26, Ош облусунда — 18, Ысык-Көл облусунда — 13, Бишкек шаарында — жети, Нарын облусунда — эки кишиде коронавирус аныкталды.

Коронавирустун калган 449 учуру клиникалык эпидемиологиялык тастыкталган — алардын 111и Бишкек шаарында аныкталды. Мындан сырткары Жалал-Абад облусунда — 57, Ысык-Көл облусунда — 81, Ош облусунда — 56, Нарын облусунда — 11, Ош шаарында — 33, Талас облусунда — 27, Чүй облусунда — 49, Баткен облусунда — 24 учур катталды.

*Коронавирус клиникалык эпидемиологиялык тастыкталган учурда бейтаптын COVID-19га тапшырган анализи терс жыйынтык көрсөтөт. Бирок буга карабастан адамда коронавирустун белгилери байкалып, ал ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыгат. Өкмөт 17-июлдан тарта коронавирус жана пневмониянын статистикаларын бирге жүргүзүүдө.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 35 143кө жетти. 16 297 бейтапта коронавирус лабораториялык тастыкталган, ал эми 18 846 киши коронавирус шарттаган пневмонияга чалдыккан.

Илдеттен 24 474 бейтап коронавирустан айыгып, 1364 киши көз жумду.