Жээнбеков «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзамды толуктоо үчүн артка кайтарды

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбеков «Маалыматты манипуляцилоо жөнүндөгү» чуулгандуу мыйзамга каршы билдирген пикирине кол койгонун маалымдады. Мыйзамды депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеп, парламент аны 2020-жылдын 25-июлунда колдогон болчу.

Басма сөз кызматтын билдирүүсүндө президент «мыйзамдын негизги концепциясын — ар бир адамдын укуктарын жана эркиндиктерин интернет тармагында таратылган жалган жана анык эмес маалыматтан коргоонун зарылдыгын колдойт» деп айтылат.

«Дүйнөдөгү коронавирус инфекциясы пандемиясынын мезгилинде социалдык тармак аркылуу жалган жана анык эмес маалыматтарды таратууга багытталган айрым адамдардын аракеттери жарандардын ден соолугуна жана/же өмүрүнө, коомдук тартипке жана/же коомдук коопсуздукка зыян келтирүү коркунучун жаратууда. Ошондой эле, жарандардын мыйзам менен корголгон укуктарын, кызыкчылыктарын жана эркиндиктерин кемсинтүүдө», — деп айтылат президенттин аппаратынын билдирүүсүндө.

Бирок Жээнбеков мыйзамды колдогонуна карабастан, анда документтин текстине карата каршы пикирлер бар — ал укуктук мамилелердин субъектилерин, бул мыйзамды ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин карап чыгууну сунуштады. Ошондой эле, президент документте жазылган техникалык аспектилерди да карап чыгууну жана мунун баарын коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен аткарууну сунуштайт.

Асылбаева мыйзам долбоорунун текстин өзгөртүп, баары менен макулдашылган вариантты иштеп чыгышы керек болот. Парламентте президенттин каршы пикирин Маданият, маалымат жана туризм коргойт.

Чуулгандуу мыйзам

Асылбаеванын ою боюнча, аталган мыйзам долбоору фейк аккаунттарга каршы күрөшүүгө жана эгер бирөө-жарым интернетте башка адам жөнүндө жалган маалымат таратып жатса, анын ар-намысы менен кадыр-баркын коргоого жардам берет.

Депутат айым жалган маалымат жарыялагандардын артынан байкоо салууну жана мындай маалымат андан ары жайылбашы керектиги боюнча чечим чыгаруу милдетин маданият министрлигине жүктөөнү сунуштайт. Маданият министрлигинин чечиминен кийин колдонуучу же сайттын ээси жалган маалымат таратууну токтотуш керек болот.

Эгер маданият министрлигинин чечими аткарылбай жатса, анда соттун чечими боюнча ал маалымат бөгөттөлүшү керек. Балким техникалык жактан да сайттарды толук бойдон бөгөттөш керек болот.

Мындан тышкары, интернет колдонуучулары өздөрүнүн чыныгы маалыматтарын көрсөтүшү керек болот. Мындан тышкары, мыйзамдын долбоорунун өзү орусиялык мыйзамдан жарым-жартылай көчүрүлүп алынган.

Аталган мыйзам долбооруна нааразы болгон коомчулук анын кабыл алынышына каршы тынчтык митингине чыгышкан. Бирок буга карабастан депутаттар Асылбаеванын мыйзамын жактырышкан. Ал күнү күн тартибинде 60тан ашуун мыйзам долбоору каралган.

Отурум эртең мененки саат 10:00дө башталып, түн жарымга чейин созулган. Ошол эле учурда, Жогорку Кеңештин айрым кызматкерлеринде жана депутаттарында коронавирус аныкталганына байланыштуу парламентке журналисттерди киргизишкен эмес. Натыйжада, журналисттер парламенттин басма сөз кызматынын операторлору тарткан отурумду онлайн көрүшкөн.

Мыйзам долбоорлоруна добуш берүү дээрлик түнкү саат 10:00дө башталган, бул убакта жыйындар залында саналуу гана депутат калган. Парламенттен тартылган видеодо депутаттар кесиптештери үчүн да добуш бергенин көрүүгө болот. Бирок отурумга катышкан бардык депутаттардын так санын билүү мүмкүн эмес.