Баткен: Поликлиниканын эски имараты инфекциялык ооруканага айланат

Иллюстративдик сүрөт: Баткенде ачылган стационарлардын бири

Баткен шаарындагы облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун эски имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жугуштуу оорулар ооруканасы катары пайдаланууга берилет.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчы Чолпон Бердикулованын айтымында, август айынын башында имаратты оңдоо иштери башталган. Ага мамлекет тарабынан 12 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

«ҮМБ үчүн жаңы имарат түшкөндө алар көчүп чыгып, бул имарат бош калган болчу. Бир кабаттуу, узун түшкөн имарат», ​— деп түшүндүрдү ал.

90 орундуу оорукана күз айларына ишке берилет деп күтүлүүдө.

Буга чейин аталган облус боюнча пневмония мене ооруган жарандарды кабыл алуу үчүн стационар ачылып, 1000ден ашык орундар дайындалган — алар ар бир район жана шаарлардын борборлорунда жайгашкан.

Облус боюнча 4-августка карата коронавирустун жалпы 459 учуру катталып — анын ичинен 8 адам каза болгон. Ал эми 97 адам айыгып ооруканалардан чыгарылган.