Баткен боюнча бейтаптарды күндүзү кабыл алган 1000ден ашуун орун даярдалууда

Сүрөт: Чолпон Бердикулова

Баткен облусу боюнча күндүзгү ооруканалар үчүн 1000ден ашуун орун даярдалууда. Алар ар бир район жана шаарлардын борборлорунда ачылат.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» орундар 8-июлга карата даяр болушаарын билдирди.

«Стационарлар иштей элек. Аймактык ооруканалардын бардыгында орун бар. Бул жайлар эгерде пневмония оорусу менен ооруган жарандарга ооруканаларда орундуктар жетпей калса, медициналык жардам көрсөтүү максатында пайдаланылат», — деди Бердикулова.

Облустун аймагында обсервация үчүн 1790 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляция үчүн 435 орун бар.

Облус боюнча коронавирус жуктургандардын саны 193кө жетти, анын ичинен 50 жаран айыгып чыкты, бир бейтап каза болду.

Учурда ооруканада изоляцияда 64, амбулатордук изоляцияда 64 адам дарыланууда. Ал эми 23 адамда пневмония оорусу аныкталып, дарыланууда.