Орус-казак чек арасында Борбор Азиянын мигранттары менен күч органдарынын ортосунда жаңжал чыкты

Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги 4-августта Росгвардияга таянып билдиргендей, Самара облусунда орус-казак чек арасында Өзбекстан жана Тажикстандын мигранттары менен Орусиянын күч органдарынын кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыкты.

Росгвардиянын маалыматы боюнча, жаңжал 3-августта чыгып тез эле чечилгендиктен эч ким жабыркаган эмес.

«Уральская неделя» гезитинин башкы редактору Лукпан Ахмедьяров фейсбук барагында Борбор Азиянын мигранттары төрт айдан ашык убакыттан бери Самара облусунда чатыр лагеринде баш калкалап, ачка отурушканын жазган.

«Уральск шаарында бир нече сапарман ыктыярчылар нече жолу азык-түлүк жана кийим-кечелерди алып барып келишкен. Бул видеодо таза сууну таратып жатканы тартылган. Ал жакта суу дагы жок», — деп жазган Ахмедьяров.

24-июлда «Борбор Азия кыймылда» жарандык платформасы чатыр лагеринде Тажикстан менен Өзбекстандын 793 мигранты жайгашканын билдирген.

«Эмгек мигранттары Орусиянын ар кайсы аймактарынан чек аралар ачылып жатат деген жалган билдирүүлөргө ишенип ушул жерге келишет. Алар расмий органдардын билдирүүлөрүнө кулак дагы салышпайт. Алар бул жерге келип, Казакстан аркылуу мекенине кете алышпаганын көрүп, талаада чатыр лагерлерде көпкө кармалып калышууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Көп өтпөй Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 4-5-августта Кыргызстан менен Өзбекстандын 4 миңден ашуун жарандары автобус жана поезддер менен Самара облусунан Казакстан аркылуу чыгарылганын билдирди.

Борбор Азиянын мигранттары май айында эле Самара облусуна келе башташкан. Ушундай эле окуя Оренбург облусунда да орун алган — Соль-Илецк шаарында көбүнчө Кыргызстандын мигранттары чогулуп, аларды мекенине алып кетишин күтүп жатышат. Мигранттардын көбү пандемиядан улам Орусиядагы жумушунан ажырап калышкан.

Самара облусундагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, 15-16-июлга карата 1 411 мигрант чыгарылган, бирок лагерде дагы 400дөн ашуун адам бар.

Соль-Илеск шаарынан Кыргызстандын жарандары улам-улам мекенине алынып келүүдө. 4-августта ал жактан 1 101 кыргыз жараны менен 20 автобус Кыргызстанды көздөй жолго чыккан.