Жалал-Абад: Ак куназдарды аткан 23 жаштагы тургун кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБи 5-августта ак куназдарды аткан 23 жаштагы тургунду тапты.

Облустук ички иштер башкармалыгынан аталган факт «Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталганын билдиришти.

«Ал өзүнө таандык сайсыз ок атуучу курал менен Кара-Дарыя дарыясынын жээгинде учуп бара жатышкан 3 даана ак куназ атып, сүрөткө түшкөн. Кийин бир тууган иниси келип, атылган канаттууларды кармап өзүнүн уюлдук кол телефонуна сүрөткө түшкөн. Кийин социалдык тармакка чыгарып жиберген», — деп түшүндүрдү мекеменин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев.

Анын алкагында окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалар жана фото таблицалар түзүлгөн. Ошондой эле жарандан ок атуучу курал акт түзүлүп алынып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Буга чейин 3-августта соцтармактарда атылган ак куназ менен турган эки жарандын сүрөтү тараган. Канаттуулар Кыргызстандын Кызыл китебинде катталган. Өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 жана 2017-жылдын 18-августундагы №501 токтомуна ылайык, атылган ар бир канаттуу үчүн айыппул 30 миң сомду түзөт.