Жалал-Абад: Милиция ак кунастарды «аткан» эки кишини издөөгө алды

Соцтармактарда 3-августта Жалал-Абад облсунун аймагында эки кишинин «атылган» ак кунастар менен түшкөн сүрөтү тараган. Сүрөттө бир нече канаттууну жана белгисиз маркадагы мылтыкты көрүүгө болот.

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин облустагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Туратбек Сатимбаев, сүрөттөгү жарандарды таап, аларга чара көрүү үчүн ошол эле күнү Жалал-Абад ОИИБине кайрылганын «Турмуш» басылмасына айткан.

ОИИБден «Клоопко» маалыматты тастыкташып, учурда сүрөттөгү жарандар изделип жатканын билдиришти.

«Материал бизге катталып, ошол тиешелүү аймактагы кызматкерлерге тапшырма берилди. Жыйынтыгын кошумча кабарлайбыз», — деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев.

Ак кунас Кыргызстандын Кызыл китебинде катталган. Өкмөттүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 жана 2017-жылдын 18-августундагы №501 токтомуна ылайык, атылган ар бир канаттуу үчүн айыппул 30 миң сомду түзөт.