Салык кызматында башкармалыктын башчысы пневмониядан каза болду

Салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Майрамбек Молдобеков 52 жашында пневмониядан каза болду.

«Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жамааты Майрамбек Молдобековдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт. Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат», — деп жазды салык кызматынын басма сөз кызматы.

Салык кызматы маркумдун кыскача өмүр таржымалын келтирди.

Майрамбек Молдобеков 1968-жылы Талас облусунун Талас районунда туулган.

Ал эмгек жолун 1989-жылы Фрунзе политехникалык институтунда лаборант болуп иштөөдөн баштаган.

Молдобеков 1992-1993-жылдары Фрунзе тамеки фабрикасында контролёр болуп иштеп, ал эми 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук институтун аяктаган.

1996-1999-жылдары ИИМ катарында кызмат өтөгөн. Андан кийинки эки жылда Бишкектин Биринчи май районунун калкты социалдык коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

2001-2008-жылдары Биринчи май райондук администрациясынын көрктөндүрүү комбинатынын башчысы болгон.

2009-2012-жылдары Октябрь району боюнча салык органынын башчысынын орун басары, андан соң Ысык-Көл облусунун губернаторунун жардамчысы болуп бир жыл эмгектенген.

2012-2018-жылдары Каракол шаары боюнча салык органынын жетекчиси, 2019-жылы салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.

2019-жылдан тартып Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги кызмат ордун ээлеген.

Майрамбек Молдобековдун артында бир кызы жана эки уулу калды.