Кыргызстанда коронавирустан дагы 541 бейтап сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 9-августта бир сутка ичинде коронавирустан 541 бейтап айыкканын кабарлады.

Илдеттен арылгандардын эң көбү Ош шаарында катталды — 100. Ошондой эле, илдеттен Ош облусунда — 96, Ысык-Көл облусунда — 83, Жалал-Абад облусунда — 81, Бишкек шаарында — 67, Чүй облусунда — 59, Баткен облусунда — 22, Талас облусунда — 18 жана Нарын облусунда — 15 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 31 822 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 78 пайызын түзөт.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 39 319га жетти. Аталган илдет 1 468 кишинин өмүрүн алды.