«Парламенттик шайлоого катышам». Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү кызматынан кетти

Узарбек Жылкыбаев. Сүрөт: Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

8-августа Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды, ага премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

Өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова Жылкыбаевдин элге кайрылуусун жарыялады. Анда облус башчысы жалпы кесиптештерине, райондук мамлекеттик администрация башчыларына жана эмгек жамааттарына ыраазычылыгын билдирген.

«Мындан аркы саясий ишмердүүлүгүмдү бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көрүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна аттанууну чечтим», — деп жазылат Жылкыбаевдин кайрылуусунда.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу болуп Жылкыбаевдин биринчи орун басары Байыш Юсупов дайындалды.

Жылкыбаев Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетекчилигине мындан эки жыл мурун келген. Ага чейин 2016-жылы парламентке депутат болуп, андан кийин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген.