Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда кызды «ала качууга» шектелип эки эркек жана бир аял кармалды. ИИМден билдиришкендей, аларга карата «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси боюнча Биринчи май РИИБи тарабынан сотко чейинки өндүрүш башталды.
Укук коргоочу Назгүл Турдубекованын айтымында, 7-августта шектүү аял кулпунай талаасында чогуу иштеген кызды байкап, кафеге жумушка чакырган. Кыз макулдугун бергенде алар бирге таксиге отурган. Бирок жаңы жумуштун ордуна шектүүлөр — үйлөнчү кишинин эжеси, бир тууган иниси жана таекесинин баласы — жабырлануучуну Ысык-Көл облусунун Түп районуна алып качып кетишкен.
«Кыз Бишкектен Түпкө жеткиче аны өлтүрүүгө, зордуктоого же органга берүү үчүн уурдаган деген ойдо болгон. Адам урдагандар анын колун кармап, телефонун алып коюшкан. Жолдун жарымынан көбүн басып өткөндөн кийин гана кызга аны турмушка бериш үчүн ала качышканын кабарлашкан. Аны коё берүү талабына зордукчулар макул болбогон. Кыз милиция жана жакындарынан жардам күтүп түнү бою уктаган эмес», — деп жазды Турдубекова.
Милиция кызматкерлери жабырлануучу кызды Түп районундагы Көөчү айылынан табышкан. Кыздын артынан анын туугандары келишип, алып кетишти.
Жабырлануучу кызга жардамга көрсөткөн укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, кызга үйлөнө турган киши аны буга чейин бир да жолу көргөн эмес. Мындан сырткары ал кыздан 16 жашка улуу, буга чейин үч жолу үйлөнгөн жана балдары бар экени белгилүү болду. Учурда ал туугандары менен биргеликте Биринчи май РИИБде сурак берип жүрөт.
Абдирасулова билдиргендей, учурда шектүүлөрдүн туугандары жабырлануучу тарапты тосмо арыз жаздырууга аракет кылышууда.
Жазык кодекси боюнча, никеге туруу үчүн адамды эркине каршы уурдоо 5 жылдан 7 жылга чейинки эркинен ажыратуу менен жазаланат. Жашы жете электи ала качуу үчүн 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жана 200 миң сомго чейин айыпка жыгуу жазасы каралган.
ИИМдин кызматкерлери 2013-жылдан 2018-жылга чейин, «ала качуу» боюнча болгону 168 кылмыш ишин ачканын кабарлаган. Ал эми 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле милиция 188 «ала качуу» фактысы катталган.
БУУнун гендердик маселелер боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстандагы ар бир бешинчи үй-бүлө ала качуу жолу менен куралган.