Кыргызстанга кирүүдөгү жаңы эрежелер. Штабдын билдирүүсү

Республикалык штаб Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын учак жана автотранспорт менен өтүүдөгү бекитилген жаңы эрежелер тууралуу билдирди. Ал чет өлкөлүк жарандарга жана Кыргызстандын жарандарына да бирдей тиешелүү.

«Кыргызстандын аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясын жугузууга жана жайылтууга жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында жаңы алгоритмдер бекитилди», — деп билдиришти штабдан.

Эл аралык жана ички авиарейстердин жүргүнчүлөрү үчүн алгоритмдер

  • Учуу алдындагы процедуралардын бардык этаптарында жана жүргүнчүлөрдү отургузууга чейин беткап тагынуу жана аралыкты сактоо керек;
  • Аба кемесинин бортунда/аэробекеттик комплекстердин учуп келүү залдарында жүргүнчүлөрдүн термометриясын өткөрүү;
  • Жүргүнчүлөрдө коронавирус инфекциясына шектенүү болгон учурда/ошондой эле жүргүнчүлөрдүн жанында жайгашкан 6-8 орундардагылар обсервацияга/изоляцияга жатышат андан ары медиктердин байкоосунда болот;
  • Клиникалык белгилери жок жүргүнчүлөр өз багыты боюнча жүрө алышат.

Чет элдик жарандар/жарандыгы жок жактар – чет элдик адистер, Кыргызстандын аймагына эмгек ишмердигин жүргүзгөнү келгендер

  • Тиешелүү мамлекеттик органдар келген адам тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматын кабарлоо үчүн уруксат берүүчү документтерди Саламаттык сактоо министрлигине беришет;
  • Мамлекеттик чек арадан өтүп жатканда термометриядан өткөрүлөт;
  • Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда ПЧР талдоо жүргүзүлүп, ооруканага жаткырылат;
  • Клиникалык белгилери жок адамдар ПЧР анализ жүргүзүүнүн жыйынтыгын алганга чейин чакырган адамдар тарабынан алдын ала даярдалган жерге барып туруулары керек;
  • ПЧР анализдери терс чыккан учурда аларга жумушка чыгууга уруксат берилет;
  • Өкмөттүн буйругуна ылайык, чет өлкөлүк жарандардын/жарандыгы жок адамдардын (адистердин) обсервациядан өтүүлөрүн уюштуруу шарттары, ПЧР-анализден өтүүлөрү жана транспорт каражаттары чакырган тараптын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Кыргызстандын аймагына транспорт менен келгендер

  • Беткап режимин катуу сактоолору керек;
  • Автоунаанын жүргүнчүлөрүн термометриядан өткөрүү;
  • Короновирустун клиникалык белгилери аныкталганда ПЧР-анализ тапшыруу, андан ары ооруканага жаткыруу жүргүзүлөт. Байланышта болгон жактарга «Stop COVID-19 KG» мобилдик тиркемеси орнотулат жана андан ары маршрут боюнча жиберилет.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына ылайык, өлкөдө Түркия жана БАЭ менен гана эл аралык авиа каттамдар жарым жартылай жандандырылды.

29-июлда Кыргызстан Орусия жана Казакстан өлкөлөрүнө августтан тарта авиа каттамдарды ачып, жумасына бир нече каттам уюштурууну сунуштаган. Бирок эки өлкө тең авиакаттамдарды жандандыруудан азырынча баш тартышкан. Ошол эле учурда Орусиянын «Аэрофлот» компаниясы 31-августка чейин Бишкекке уччу рейстердин баарын токтоткон.

Кыргызстан башка өлкөлөрдөй эле коронавирус пандемиясынан улам март айында чек араларын жаап, эл аралык жана ички авиа каттамдарды токтоткон — алар 5 айга чукул убакыттан бери иштебей келет.

Бирок «Манас» аэропорту жүк жана чартердик рейстерди тейлеп жатат. 8-июндан тарта Кыргызстанда бардык ички авиарейстер иштеп баштады.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.