Кыргызстан туруктуу эл аралык авиа каттамдарды азырынча жандандыра албайт

Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев эл аралык туруктуу авиарейстер азырынча жандандырылбарын Kaktus.Media басылмасына билдирди.

29-июлда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Орусия жана БАЭ өлкөлөрүнө августтан тарта авиа каттамдарды ачууну — жумасына бир нече рейс уюштуруп турууну сунуштаган. 3-августта бул өлкөлөр авиа каттамдарды азырынча жандандыруудан баш тартканы белгилүү болду.

«Орусия экономикалык себептерден улам азырынча туруктуу рейстерге макул эмес. Алар 1-августта үч гана мамлекет менен каттамдарды ачты — Улуу Британия, Түркия жана Танзания. Калган өлкөлөр боюнча маселени орусиялык ыкчам штаб 15 күндөн кийин же бир айдан соң чечет. Түркия чартердик рейстерге макул, бирок туруктуу рейстер үчүн аларга биз коңшу өлкөлөргө чек араны ачышыбыз керек, ошондуктан азырынча бул маселе чечиле элек. Казакстан дагы туруктуу рейстер тууралуу маселени чек аралар ачылгандан кийин карайт. Бириккен Араб Эмирликтери дагы азырынча макул эмес», — деп түшүндүрдү Акышев.

Анын айтымында, азырынча бул өлкөлөр менен Кыргызстандын ортосунда чартердик рейстер гана иштеп турат, бирок алардын саны өсүшү мүмкүн. Туруктуу рейстерге байланыштуу маселени августтун аягына чейин чечүү пландалууда.

Мындан тышкары, 1-августтан тарта Орусияга кирүүдө жаңы эрежелер иштеп баштады. Орусиянын жарандары өлкөгө кирерден мурда учуп чыкканга чейин (рейске катталуу убактысына чейин) мамлекеттик кызматтардын порталында атайын форманы толтурушу керек. Ошондой эле, Орусияга учуп келгенден кийин 3 күндүн ичинде ПЧР ыкмасы менен коронавируска анализ тапшырып, анын жыйынтыгын мамлекеттик кызматтар порталына жүктөш керек. Ал анализ андан ары Роспотребнадзорго жөнөтүлөт.

Кыргызстандын жарандары Орусияга баруу үчүн 3 күн мурда коронавируска ПЧР тест тапшырып, таза жыйынтыкка ээ болушу керек. «Аква Лаб» лабораторияларынан алынган анализдердин жыйынтыктары кабыл алынат. Мындан тышкары, бардык чет элдик жарандар 14 күндүк обсервациядан өтүшөт.

Кыргызстан башка өлкөлөрдөй эле коронавирус пандемиясынан улам март айында чек араларын жаап, эл аралык жана ички авиа каттамдарды токтоткон. Бирок «Манас» аэропорту жүк жана чартердик рейстерди тейлөөнү уланткан. 8-июндан тарта Кыргызстанда бардык ички авиа рейстер иштеп баштаган.

Мурдараак премьер-министр Кубатбек Боронов эпидемиологиялык кырдаал турукташса, биринчи кезекте Орусия, Түркия жана БАЭ менен авиа рейстер жанданаарын билдирген.