Чүй облусунун Сокулук районунун прокурору Бактыбек Сыргаков 9-августта коронавирустан каза болду. Ал 2019-жылдын февралынан тарта Сокулук районунун прокурору болуп иштеп келе жаткан.

Сыргаков 1963-жылы 28-январда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында туулган.

Ал прокуратура тармагындагы эмгек жолун Кемин районунда стажер-тергөөчү болуп баштаган. Кийин Ош шаардык прокуратурасында, Өзгөн районунда, Ош жана Талас облустук прокуратурасында иштеген.

Ошондой эле, Баткен облусунун прокурору, Талас менен Ош облустук прокурорунун орун басары болгон.

Буга чейин ИИМдин катчылыгында башкы адиси Жаныш Азизов дагы коронавирустан каза болгон.

10-августка карата Кыргызстанда COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 40 177ге жетти, алардын 32 229у айыгып, 1 474 киши каза болду.