Коронавирустан дагы 4 адам каза болду — жалпы 1 491 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 14-августта кабарлашкандай, акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы төрт бейтап көз жумду.

Бишкек шаарында, Талас, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден киши каза болду.

Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1491 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген. Алардын арасында 30-июлдагы маалымат боюнча 73 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 41 373 учуру катталды. Ооругандардын 33 622си илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.