ССМ: Коронавирус жана пневмониядан 73 медкызматкер каза болгон

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб COVID-19 жана ал шарттаган пневмониядан жалпы 73 медкызматкер каза болгонун 30-июлда кабарлады. Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги 29 медиктин өлүмүн мойнуна алган.

Көз жумгандардын арасында 44 дарыгер, орто медперсоналдан 18 жана кенже медперсоналдан үч адам бар. Ошондой эле, бул тизмеге Саламаттык сактоо уюмдарында башка кызматтарында иштеген 8 адам кирди.

«Тизмеге саламаттык сактоо уюмдарында иштеген бардык медициналык кызматкерлер, ошондой эле жеке уюмдарда, башка ведомстволордун медициналык кызматында иштегендер жана пенсионерлер киргизилген», — деп билдиришти Республикалык штабдан.

Өкмөт коронавирусту иш убагында жуктуруп алып каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом кун төлөмөкчү. Республикалык штабдан билдиришкендей, компенсация толук эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин эсептелет. Учурда кунду эки медиктин үй-бүлөсү алганы белгилүү.

Ошондой эле, COVID-19га чалдыккан медиктерге 200 миң сом компенсация каралган. Бүгүнкү күндө илдетти жуктурган 41 медкызматкер компенсация алган, ошондой эле 40 медикке кун төлөп берүү маселеси каралууда.

30-июлга карата коронавирус жалпы 2 743 медкызматкерде аныкталды — алардын 1 664ү илдеттен айыкты. Ал эми жалпы өлкө боюнча коронавирстун жалпы 35 143 учуру катталып, анын 24 474ү айыкты. Ошондой эле, пандемия башталгандан бери 1 364 адам көз жумду.