Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 41 373кө жетти — жаңы 304 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 14-августка карата коронавирустун жаңы 304 учуру катталды — алардын арасында 15 медкызматкер бар.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 73;

Ысык-Көл облусу — 56;

Баткен облусу — 42;

Жалал-Абад облусу — 39;

Ош облусу — 32;

Чүй облусу — 24;

Ош шаары — 19;

Талас облусу — 14;

Нарын облусу — 5.

Ошондой эле өткөн суткада 304 бейтап айыгып, төрт киши көз жумду.

Расмий түрдө COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 41 373кө жетти — алардын арасында 3 006 медицина кызматкери бар. Ошол эле учурда Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өлкөдө коронавируска чалдыгып, үй шартында оорунун симптомсуз жана жеңил түрүнөн бейрасмий маалымат боюнча 160 миңдей киши айыкканын билдирген.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын 33 622си айыгып, 1 491 киши каза болду.

Аймактар боюнча COVID-19дун эң көп учуру Бишкек шаарында катталды — 17 046. Ошондой эле Чүй облусунда — 5 155, Ош облусунда — 3 826, Жалал-Абад облусунда — 3 737, Ысык-Көл облусунда — 3 333, Ош шаарында — 3 279, Баткен облусунда — 2 040, Нарын облусунда — 1 634 жана Талас облусунда — 1 323 киши коронавируска чалдыккан.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.