Саламаттык сактоо министрлиги: Коронавирустан болжол менен 160 миң адам айыкты

Мадамин Каратаев

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 13-августта коронавируска чалдыгып, үй шартында оорунун симптомсуз жана жеңил түрүнөн бейрасмий маалымат боюнча 160 миңдей киши айыкканын билдирди.

Каратаев ошондой эле лабораториялык түрдө тастыкталган коронавирустун санынын азайганы байкалып жатканын белгиледи.

«Ошол эле учурда, репродуктивдик сан деген бар. Бул бир адамдын канча адамга жуктурган санын көрсөтөт. Июль айындагы көрсөткүчтөрдү карап көрсөк, ооруп жаткан адам башка адамды 0,5%га гана жуктуруу мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленди», — деди Каратаев.

Анын айтымында, июлда коронавирус жуккан 13 177 адамда оорунун белгилери билинген эмес, ал эми коронавирустун жеңил түрү менен 10 781 киши ооруган.

Коронавирус өлкөдө жайылгандан тарта пневмония менен ооругандардын жана каза болгондордун саны да кескин өсүп кеткен. Пневмония менен каза болгондор коронавирустун статистикасына дээрлик төрт ай кошулбай келген. Анын себебин Сааламаттык сактоо министрлиги пневмонияга чалдыккандардан COVID-19 аныкталбагандыгы менен түшүндүрүп келген.

Өкмөт жарандар пневмония менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандын негизинде ооруп жатканын тастыктагандан соң статистикалар бириктирилген.

Расмий маалымат боюнча, 13-августка карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 41 069га жетти. Анын ичинен 33 318 бейтап айыгып, 1 487 киши көз жумду.