Өлкөдө COVID-19 дагы 211 кишиден аныкталды — жалпы 41 856 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 16-августта коронавирустун жаңы 211 учуру катталганын кабарлады — алардын ичинде 12 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Ысык-Көл облусу — 47;

Бишкек шаары — 46;

Жалал-Абад облусу — 27 (1 медкызматкер);

Ош облусу — 26 (4 медкызматкер);

Баткен облусу — 22 (3 медкызматкер);

Чүй облусу — 19 (1 медкызматкер);

Ош шаары — 14 (3 медкызматкер);

Талас облусу — 7;

Нарын облусу — 3.

Ошондой эле өткөн суткада илдеттен 355 бейтап айыгып, эки киши дүйнө салды.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп алган жарандардын саны 41 856га жетти — алардын арасында 3 030 медициналык кызматкер бар. Коронавиурсту жуктуруп алгандардын 34 306сы айыгып, 1 495 киши каза болду.

Коронавируска чалдыккандар Бишкекте эң көп, борбор калаада 17 139 адамдан COVID-19 аныкталды. Чүй облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 5 198 учур. Ош облусунда — 3 880, Жалал-Абад облусунда — 3 798, Ош шаарында — 3 336, Ысык-Көл облусунда — 3 445, Баткен облусунда — 2 075, Нарын облусунда — 1 647 жана Талас облусунда — 1 338 адам илдетке чалдыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.