Коронавирустан дагы 261 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 17-августтагы брифингде бир суткада коронавирустан 261 бейтап айыкканын кабарлады.

Илдеттен арылгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 119. Ошондой эле, илдеттен Жалал-Абад облусунда — 29, Ысык-Көл облусунда — 26, Чүй облусунда — 25, Ош шаарында — 19, Баткен облусунда — 18, Ош облусунда — 15, Нарын облусунда — 7 жана Талас облусунда — 3 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 34 567 бейтап айыкты.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 41 991ге жетти. Аталган илдет 1 496 кишинин өмүрүн алды.