Коронавирустан каза болгондордун саны 29 пайызга азайтылды. ССМ себебин айтты

Мадамин Каратаев

Коронавирус жуктуруп каза болгон 1 498 бейтаптын 29 пайызы башка себептерден улам көз жумган. Бул тууралуу 18-августта Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болгондордун себебин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

«Комиссиянын жыйынтыгы боюнча каза болгондордун 29%нын негизги себептери COVID-19 менен пневмония эмес, башка оорулар болуп чыкты. Тактап айтканда 437 адам», — деди Каратаев.

437 бейтаптын өлүмүнүн себептери:

  • жүрөктүн коронардык оорусу — 358 (82%);
  • курч миокард инфаркты — 24 (5,6%);
  • мээдеги кан айлануунун бузулуусу — 13 (3,1%);
  • бөйрөктүн курч жетишсиздиги — 10 (2,5%);
  • башка себептер (суициддер, онкологиялык оорулар жана башкалар) — 32 (6,8%).

Каратаев бул чараларды убагында башка өлкөлөр да колдонгонун кошумчалап, анын натыйжасында COVID-19дан каза болгондордун саны Улуу Британияда 5 359га, Испанияда 2 миңге кыскартылганын белгиледи.

Ушуну менен 18-августка карата коронавирустан улам каза болгондордун саны 1 498 адамды эмес, 1 053 кишини түздү. COVID-19 жалпысынан 42 146 адамга жукту — алардын 34 885и оорудан айыкты.