Бишкекте жана Баткен облусунда COVID-19дан эки киши каза болду

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуккан эки бейтап каза болду. Бул тууралуу 18-августта Республикалык штаб билдирди.

Алардын бири Бишкекте, экинчиси Баткен облусунда дарыланып келген.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19дан каза болгондордун саны 1498ге жетти — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан көз жумган бейтаптар кирет.

Саламаттык сактоо министрлиги 30-июлда коронавирустан 73 медкызматкер каза болгонун билдирген.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 42 146 адамга жукту — алардын 34 885и оорудан айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.