Коронавирустан дагы 312 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 19-августтагы брифингде бир суткада коронавирустан 312 бейтап айыкканын кабарлады.

Илдеттен арылгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 102. Ошондой эле, илдеттен Жалал-Абад облусунда — 40, Ысык-Көл облусунда — 50, Чүй облусунда — 41, Ош шаарында — 18, Баткен облусунда — 19, Ош облусунда — 27, Нарын облусунда — 13 жана Талас облусунда — 2 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 35 197 бейтап айыкты.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 42 325ке жетти. Аталган илдет 1 054 кишинин өмүрүн алды.