Борбордук шайлоо комиссиясы 19-августта парламенттик шайлоого катышуучу партиялардын фондуна канча каражат түшкөнүн жана алардын жумшалышы тууралуу маалыматты жарыялады.

Статистикага ылайык, 14-августка карата шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялардын 41и шайлоо фондусунун атайын эсептерин ачкан. Бирок алардын арасынан болгону 16 партиянын эсебине акча-каражаттары которулган.

Ошондой эле, кээ бир партиялардын чыгашалары бир нече миллион сомду түзсө, кээ бир партиялар бул убакытка чейин бир сом дагы коротушкан эмес.

Мыйзамга ылайык, партиялардын шайлоо фонду төрт булактан каржыланса болот:

  • талапкердин атынан — бир транш менен 1,5 млн сомдон ашык эмес;
  • партиянын өзүнүн каражаттары — 100 млн сомдон ашык эмес;
  • жеке жактардан — 200 миң сомдон ашык эмес;
  • юридикалык жактардан — 300 миң сомдон ашык эмес.

Жалпысынан шайлоо фондунун көлөмү 300 млн сомдон ашпоосу керек.

Ошондой эле, шайлоого катышуучу партиялар Боршайкомдун эсебине 5 млн сомдук «шайлоо күрөөсүн» которууга милдеттүү. Күрөө Жогорку Кеңешке өткөн партияларга толугу менен кайтарылып берилет. Ал эми парламентте орунга ээ болбой калган партияларга күрөөнүн бөлүгү алар алган добуштардын пайызына жараша кайтарылат.

«Кыргызстан» — 37 млн сом

Аталган партиянын фондуна эң көп каражат которулган — 37 млн сом. Анын негизги бөлүгүн — 36 млн 400 миң сомун Разак Шамшидин уулу которгон. Шамшидин уулу партиянын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

«Кыргызстан» партиясы 22 млн 880 миң сомду сарптаганга үлгүрдү. Алардын көбү жарнаманы даярдоого жана жарнамалык аянтчаларды ижара алууга жумшалган. Ошондой эле, партия «шайлоо күрөөсүнө» 5 млн сом сарптаган.

«Бир Бол» — 12 млн 775 миң сом

«Бир Бол» партиясы «байлыгы» боюнча экинчи орунда, алардын шайлоо фондусуна 12 млн 775 миң 170 сом түшкөн. Каражаттардын 5 млн 924 миңи жарнама жана үгүт иштерине даярдык көрүүгө жумшалган.

«Мекеним Кыргызстан» — 7 млн 735 миң сом

Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын эсебинде 7 млн 735 миң сом бар. Партия бул акчалардын чоң бөлүгүн — 7 млн 554 миң сомду короткон.

Чыгымдардын дээрлик жарымы — 3 млн 670 миң сом — Ксения Савченкого «жарнама мейкиндигин ижарага алуу» үчүн төлөнгөн.

«Биримдик» — 7 млн 200 миң сом

Бийликчил делген «Биримдик» партиясынын фондуна 7 млн 200 миң сом топтолгон. Ушул кезге чейин анын 1 млн 68 миң сому сарпталган, анын 948 миң сомдон ашууну «Билборд КейДжи» ЖЧКсына которулган.

«Ата Мекен» — 3 млн 849 миң сом

«Ата Мекен» партиясынын фондуна 3 млн 849 миң сом түшкөн. Учурда «ата мекенчилер» болгону Яна Дреминага максаты белгиленбеген кызмат үчүн 450 миң сом төлөгөнү белгилүү.

«Чоң казат» — 2 млн 710 миң сом

Бул жылы элдин арасында таанымал болгон «Чоң казат» партиясынын эсебине 2 млн 710 миң сом каражат которулган. Учурда партия бир сомду да сарптай элек.

«Реформа» — 2 млн 94 миң сом

Чогулган акчасы миллиондон ашкан партиялардын арасында «Реформа» дагы бар. Негизинен партияга 70ке жакын жаран 200 сомдон 800 миң сомго чейин акча которушкан. Натыйжада 2 млн 94 миң сом чогулган.

Ошол эле учурда партия белгисиз себептен улам «Шоро» компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жумадил Эгембердиев которгон 800 миң сомду кайтарып берген. Жалпысынан «Реформанын» эсебинен 902 миң сом коротулду.

«Замандаш» — 2 млн сом

«Замандаштын» фондунун эсебине партиянын финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алия Бектурганова 2 млн сом которгон. Учурда алар коротула элек.

«Социал-демократтар» — 1 млн 473 миң сом

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары негиздеген «Социал-демократтар» партиясынын эсебине 1 млн 703 миң сом түшкөн. Партия 1 млн 679 миң сомду коротконго үлгүрдү, анын чоң бөлүгү — 1 млн 473 миң сом — «Кыргыз Маркетинг Корпорейшн» ЖЧКсына реклама аянчасын ижарага алуу үчүн төлөнгөн.

«Республика» — 1 млн 400 миң сом

Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов негиздеген «Республика» партиясынын эсебине 1 млн 400 миң сом түшкөн. «Республикачылар» 199 миң сомду сарптаганга үлгүрдү.

Миллионго жетпей калган партиялар

Шайлоо фондусуна бир миллион сомдон аз каражат түшкөн партиялардын саны алтыны түздү. Алар «Ордо» — 950 миң сом, «Бүтүн Кыргызстан» — 250 миң 500 сом, «Мекен Ынтымагы» — 65 миң сом, «Нур» — 23 340 сом, «Мекенчил» — 11,5 миң сом жана «Кыргызстандын жашылдар партиясы» — 200 сом.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ал эми расмий үгүт иштери 4-сентябрдан тарта башталат.