Эстрада ырчысы Самара Каримова

Эстрада ырчысы Самара Каримова күздө боло турчу парламенттик шайлоого эч бир партия менен катышпай турганын билдирди. Ошол эле учурда «Биримдик» партиясы менен бирге экенин белгиледи — коомчулукта аталган партия «бийликчил» деп аталып келет.

Ал ошондой эле, Ош шаардык кеңешке боло турчу шайлоого «Биримдик» партиясынын атынан талапкерлигин койгонун тастыктады. Бирок коронавирустан улам апрелде өтчү жергиликтүү кеңешке шайлоо жылдырылган.

«Эч бир партияга барып, суранып, Жогорку Кеңешке аттанам деген жерим жок, бул негизсиз ушак. Мен өз таандоомду жасагам, мен «Биримдик» партиясы менен биргемин, бирок бул шайлоодо эч бир партия менен Жогорку Кеңешке баруу ниетим жок экен расмий билдирем. Кыргызстан үчүн кызмат кылуучу күндөр алдыда. Келечекте чоң максаттарым бар!» — деди ал.

Ош шаарында «Биримдик» партиясынын штабында 14-августта бир катар муниципалдык кызматтын жетекчилери жана кызматкерлери чогулушкан. Айрымдары эмгек өргүүдө жүргөнү белгилүү болсо, кээ бир кызматкерлер иш учурунда партиянын жыйынына катышканы белгилүү болду. Ошол эле күнү журналисттер «Биримдиктин» штабынан ырчы Самара Каримова жолдошу Асан Мансуров менен чогуу чыгып бара жатканын байкашкан.

Мамлекеттик кызматтагы бир күн

Ырчы буга чейин эки ирет мамлекеттик кызматка дайындалып, бирок аларда бир күн гана иштеп кызматтан алынган. 2018-жылы Каримова Маданият, мааылымат жана туризм министрлигинин статс-катчысынын буйругу менен Ошто музыкалык окуу жайдын директорлук кызматына дайындалган. Бирок бир күндөн кийин министр Азамат Жаманкуловдун буйругу менен кайра кызматтан алынган.

Ырчы кызматка дайындалгандан кийин окуу жайдын жааматына өзүнүн жыйналышын өткөргөнгө жетишип, бул тууралуу «Инстаграм» барагына жазган.

Каримова 2017-жылы дагы «Сулайман-Тоо» музей комлексинин директорлугуна дайындалып, социалдык тармактардын колдонуучуларынын сынынан кийин бир күндөн соң өзү эле кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Колдонуучулар 26 жаштагы кыз музейди жетектей албастыгын айтышкан. Ырчы кызматтан кеткенден кийин «кыргыз коому жаш кадрларды кабыл алууга даяр эместигин» «Азаттыкка» курган маегинде айткан.

Каримова 2011-жылы Ош драма театрынын директору Асан Мансуровго турмушка чыгып, эки жылдан кийин ырдап чыга баштаган.

Самара Каримова — «Инстаграмда» миллион катталуучу топтогон алгачкы кыргызстандык. Буга байланыштуу ал 2018-жылы августта Бишкекте жана Ошто майрамдык кече уюштурган. Ошол кезде Кыргызстандын башкы телеканалынын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбеков Каримованы «өлкөнүн таасирдүү аялдарынын бири» деп атаган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Башында ага 44 партия катышуу ниетин билдирген. Алардын бардыгы 20-августка чейин съездерин өткөрүп, шайлоо фондусуна атайын эсеп ачышы керек болчу. Белгиленген мөөнөткө дейре 23 партия өз съезддин өткөргөнү тууралуу БШКга билдирген. Боршайком шайлоого катыша турчу партияларды 24-августтан 3-сентябрга чейин каттайт.