Оштогу «Биримдик» партиясынын штабына муниципалдык кызматкерлер чогулду

Сүрөт: Т-Медиа

Ош шаарында «Биримдик» партиясынын штабында 14-августта бир катар муниципалдык кызматтын жетекчилери жана кызматкерлери чогулушту. Коомчулукта аталган партия бийликчил деп айтылып келет. Жыйын тууралуу жергиликтүү журналисттер жеринен түз эфир жасашты.

Тасмада ондогон кишилер штабдын имаратынын алдына чогулуп, ичине кирип жатышканын көрүүгө болот.

Чогулгандардын арасында шаардык суу чарбанын жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчөровду, «Ош-Тазалыктын» жетекчиси Нурбек Исмаиловду, автотранспорт башкармалыгынын жетекчиси Талант Капаровду жана Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси Сонунбек Жунусбаевди көрүүгө болот.

«Бизге Биримдик партиясы Оштогу штабында жалпы шаардагы муниципалдык кызматкерлерди чогултканы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Тактап көрсөтө турган болсок, мынакей өзүңүздөр көрүп тургандай жалпы шаардагы эле жетекчилер», — деп «эмне үчүн келдиңиздер?» деп суроо салган «Нур ТВ» телеканалынын журналисти Даткабек Шабданбеков.

Анда шаардык суу чарбанын жетекчиси Дөөлөтбек Көкөчөров партиянын талапкери экенин билдирип, шайлоого карата өргүү алганмын деп айткан.

«Мен шаардык кеңешке кандидатмын да, тизмени тактаганы келдим. Башка муниципалдык кызматтын жетекчилери эмнеге чогулганын билбейм. Мен шайлоого карата отпуск алгам», — деген Көкөчөров.

Ал эми башка кызматкерлер журналисттин суроосун жоопсуз калтырып, штабдын имаратына кирип кетишкен. Андан ары алар чогулган кабинетке журналисттер киргизилген эмес.

«Сыртка чыгып сайрагыла»

Журналисттерге имараттын сыртынан Жогорку Кеңештин депутаты, партиянын мүчөсү Азамат Арапбаев партиянын жыйыны ачык болуп, ага муниципалдык кызматкерлер өргүүгө чыккандан соң катышып жатканын айткан. «Турмуш» басылмасынын журналисти Бексултан Мамытовдун административдик ресурс колдонулган жокпу деген суроосуна ушунадай эле жооп узаткан.

Арапбаев журналисттерге жыйынга кирүүгө тыюу салган. Андан соң аларга «сыртка чыгып сайрагыла» деп айткан.

«Ким ушул партияга жардам берем, мүчө болом десе эшик ачык. Сен дарбазанын артына туруп, каалаганча тарта бер. Силер эмне сындаганга келдиңерби же жардам бергени келдиңерби? Сен дарбазанын артына туруп, каалаганча тарта бер. Нары жакка эшикке чыгып сайрай бергиле», — деген ал.

Андан соң белгисиз кишилер журналисттерди имараттын аймагынын сыртына чыгарып салган.

Окуядан соң журналист Даткабек Шабданбеков өзүнүн фейсбук баракчасына пост жарыялап, депутат Азамат Арапбаевди «сыртка чыгып сайрагыла» деген сөзүн кайтарып алуусун талап кылды.

Ошондой эле ал, депутаттарга «журналисттерди душман катары» көрбөөсүн айтып, мамлекеттик кызматкерлердин чогулганын сындаган.

«Шайлоо алдында бир партиянын эшигинде жүргөнүңүздөр туура эмес. Туура эмес экенин өзүңүздөр да билесиздер. Айла жоктун айынан барып жатасыздар. Барбай баш тартуу үчүн сиздерге эрк керек. Кызматтын кулу болбош керек болуп калат», — деп жазды ал.

«Муниципалдык кызматкерлер партиянын талапкерлери»

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» жыйынга катышкандардын арасынан үч жетекчини — Сонунбек Жунусбаевду, Дөөлөтбек Көкөчөровду жана Талант Капаровду тааныгандыгын айтты. Бирок аларды «эмгек өргүүсүнө чыгышкан экен» деп ишендирди.

«Алар партиянын талапкерлери. Эргүү убагында өз каалоосу да. Азыр үгүт иштери расмий түрдө баштала элек, эгер жумуш учурунда болгондо чара көрмөкпүз. Бирок ошентсе да бул боюнча дагы тактайбыз», — деп түшүндүрдү ал.

Абсаттаров жетекчилердин эргүүдө жүргөндүгү боюнча тастыктаган арыздарын өздөрүнөн гана сурап алуу мүмкүн экенин билдирди.

«Мэриядан эч ким барбады да эгер аппараттан кимдир бирөө барганда мен бир нерсе демекмин. Муниципалдык ишканалар өздөрүнчө да. Бирок булар эргүүдө экен», — деди ал.

Ал эми маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү тобуна байланышканыбызда, «маалымат үчүн» ыраазычылык билдиришип, текшерүү жүрөт деп гана жооп беришти.

«Съезд өткөрүүгө даярдык»

«Клооп» партияга маселе боюнча байланыша алган жок. Бирок «Биримдик» учурда съезд өткөрүүгө камданып жатканын партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев фейсбукта жазды.

«Съездде партиянын программасы көрсөтүлөт жана депутаттардын добушу менен партиянын тизмеси түзүлөт. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында партия мүчөлөрү курултайга барчу өкүлдөрүн тактап, жаздырып жатышат», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле ал курултайды бардык санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлөт деп ишендирди.

Бул партиянын штабына мамлекеттик кызматкерлер чогулган биринчи учур эмес — буга чейин 6-мартта журналисттер бир канча ЖОЖдордун ректорлорунун, муниципалдык ишкана жетекчилеринин, жана алардын орун басарларынын «Биримдик» партиясынын штабына иш убагында чогулушканын айтып чыгышкан.

Анда да мэриядан кызматкерлер эргүүгө чыкканын билдиришкен.