Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 43 358ге жетти — жаңы 113 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августка карата коронавирустун жаңы 113 учуру катталганын кабарлады. COVID-19ду жуктуруп алгандардын арасында төрт медкызматкер бар.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

Бишкек - 42 (3 медкызматкер);

Баткен облусу - 21 (1 медкызматкер);

Ысык-Көл облусу – 16;

Ош облусу - 12;

Чүй облусу – 8;

Жалал-Абад облусу – 7;

Нарын облусу – 3;

Ош – 3;

Талас облусу - 1;

Ошондой эле өткөн суткада 292 бейтап айыгып, бир киши көз жумду.

Расмий түрдө COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 43 358 жетти — алардын 18 582си лабораториялык тастыкталган. Калган 24 776 бейтап ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 3 114 медицина кызматкери бар.

Бейрасмий маалымат боюнча өлкө боюнча 160 миңдей киши коронавируска чалдыгып, жеңил формада айыккан — алар ооруканаларга кайрылышпай, үй шартында дарыланышкан.

Коронавиурсту жуктуруп алгандардын 37 217си айыгып, 1 058 киши каза болду. Учурда 5 560 бейтап оору менен күрөшүүдө, алардын 925и өлкөдөгү ооруканаларда дарыланып жатышат. Калган 4635 бейтап үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.