Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу 25-августта парламенттик шайлоого катышуучу партиялардын документтерин текшерди. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча 14 партиядан ар кандай кемчилик жана эреже бузуулар аныкталды.

Калган үч партиянын — «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Мекенчил» — документтери толугу менен талаптарга жооп бергени белгилүү болду.

Көбүнчө партиялардын талапкерлери жеке маалыматтарды иштеп чыгууга кат түрүндө макулдугун берген эмес. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген айрым талапкерлер жумушунан убактылуу четтетилбегени белгилүү болду.

*Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу талапкердин башка өлкөнүн жарандыгы бар же жоктугун аныктоо үчүн керек.

БШК партияларга кемчиликтерди жоюу үчүн 48 саат берилээрин билдирди. Ал эми «Кыргызстан» партиясы БШКга документтерди белгиленген мөөнөттөн кеч бергендиги үчүн шайлоодон четтетилди.

«Актив» — 80 талапкер

Аталган партия 5 млн сомдук «шайлоо күрөөсүн» төлөгөнүн тастыктоочу документти берген жок. Ошондой эле партиянын талапкерлери персоналдуу маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугу бекитилген формада эмес жазышкан эмес.

«Ооганстан согушунун ардагерлери» — 78 талапкер

Талапкерлер тууралуу электрондук формадагы маалыматтары «Электрондук талапкер» программасына киргизилген эмес.

*Талапкерлердин тизмеси жана алар тууралуу маалыматтар ушул жылдан тарта БШКга электрондук түрдө да, кагаз түрүндө да берилет. Маалыматтар «Электрондук талапкер» программасына киргизилет, ал болсо шайлоочулар үчүн электрондук маалыматтар базасын түзүүгө ылайыкташкан.

«Мекен Ынтымагы» — 150 талапкер

«Мекен Ынтымагы» БШКга «шайлоо күрөөсүн» төлөнгөнү тууралуу тастыктоочу документти берген эмес. Ошондой эле саясий партия талапкерлер тууралуу маалыматты электрондук формада жок болуп чыкты.

«Ыйман Нуру» — 102 талапкер

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков кызматынан убактылуу четтелгени тууралуу буйрук берилген эмес — ал партиянын тизмесинде экинчи орунда турат.

Ошондой эле партия мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда иштеген — Түлөбердиев, Океева, Карыбек уулу, Исаков, Искендеров жана Степанюк -- талапкерлеринин милдеттерин аткарууну убактылуу токтотуу тууралуу буйруктардын көчүрмөлөрүн берген эмес.

Талапкер Турдукуловдун «төртүнчү формасы» саясий партиянын төрагасынын колу менен күбөлөндүрүлгөн эмес. Ошондой эле БШКга талапкер Мырзакматовдун «бешинчи формасы» түшкөн жок.

Мындан сырткары Оргарев, Тиленбаев, Тажибаев, Бакирова жана Бакишованын «типтик формалары» толук толтурулган эмес.

«Замандаш» — талапкерлердин саны белгисиз

Колопов, Кыштобаев, Сагынбаева, Абдикаим уулу жана Мамбеталиев персоналдуу маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун толугу менен берген эмес.

Ошондой эле Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев ыйгарым укуктарынан четтетилгени тууралуу буйруктун көчүрмөсү берилген эмес. Бирок ал кызматынан четтетилгени өкмөттүн сайтында жарыяланган. Мындан сырткары мамлекеттик кызматта иштеген талапкерлер Садабаева, Араев, Кырчобаева, Жаманкулов, Жумагулов жана Кулназаров кызматынан убактылуу четтетилгени тууралуу буйруктун көчүрмөсүн беришкен эмес.

Талапкер Токтошев башка өлкөнүн жарандыгы жоктугу тууралуу маалыматты толугу менен толтурган эмес. Ошондой эле Дегенбаева форма толтурган учурда оңдоолор болгон, ал эми Эшанов иштеп жаткан жеринен маалымкат алган эмес.

«Чоң Казат» — 82 талапкер

Талапкер Төрөханова кызматынан убактылуу четтетилгени тууралуу буйруктун көчүрмөсү берилген эмес. Касымов, Түмөнбаев, Кыдыров жана Турапов БШКга иштеген жеринен маалымкатты алып келишпеди. Ошондой эле Койчубек уулунда паспортунун көчүрмөсү жок.

«Республика» — 200 талапкер

Партия талапкерлер тууралуу электрондук формадагы маалыматтары «Электрондук талапкер» программасына киргизилген эмес. Ошондой эле «үчүнчү жана төртүнчү форма» боюнча маалыматтар толук эмес.

Мамлекеттик же муниципалдык кызматтарда иштеп, милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетилгени тууралуу буйруктун көчүрмөсүн бербеген талапкерлер:

  • Лола Кулинова — Каракол шаардык кеңешинин депутаты;
  • Жоошбек Коёналиев — Транспорт каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин мурдагы директору;
  • Лира Касымбекова — Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу тышкы байланыштар жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы.

Ошондой эле алардын арасында Курманалиева, Турсункулов, Алыбаев, Ивакова, Урумкалиева, Акылбек Алиев жана Бейшекүл кызы аттуу талапкерлер бар — алар кайсы кызматта иштеп жатканы азырынча белгисиз.

Мындан сырткары Жолдошалиев, Саяк кызы, Алтынбек Камзеев, Бексултан Арзыбаев, Азамат Закиров, Кенжебек Солтобаев, Тургун Тургуналиев, Самат Алиев жана Роза Саманчиева иштеген жеринен маалымкат алышкан эмес.

«Бүтүн Кыргызстан» — 120 талапкер

Аталган партиянын документтерин текшерүүнүн натыйжасында эң көп кемчиликтер катталган. «Бүтүн Кыргызстандын» талапкерлерине тийиштүү маалыматтар электрондук формада берилбеди.

Ондогон талапкерлердин документтери партиянны мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмес. Ошондой эле Исхак Масалиев — Жогорку Кеңештин экс-депутаты, талапкерлер Жайчиев, Осмонов, Мунарбек уулу, Сатаркулов, Довлатов, Бейшенбеков, Болушев, Осмоналиев, Кожоева, Алибаева, Булашбаев, Айтбаева, Шарыпов, Осмонов, Мишина, Закиров, Раджапов, Тиркешов, Хамрапов, Измаилова, Мырзакматов, Асаналиев, Камчыбек уулу, Бактыбек кызы, Куттибеков, Карабаева, Чоморов, Курманбекова жана Янченко персоналдуу маалыматтарды иштеп чыгууга кат түрүндөгү макулдугун беришкен эмес.

Мындан сырткары талапкерлер Бараканова жана Абдувалиев кызматтарынан убактылуу четтетилгени тууралуу буйруктун көчүрмөсү БШКга берилген эмес.

Талапкерлер Байтиков, Булгакова, Смаилов, Рахманбердиева, Султанов жана Сулайманова иштеген жеринен маалымкат алып келишкен эмес. Ошондой эле талапкер Алиев башка өлкөнүн жарандыгы бар же жоктугун көрсөткөн эмес.

«Социал-демократтар» — 102 талапкер

«Социал-демократтарда» болгону эки шайкеш келбестик катталды — талапкер Маматбабаев персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун, ошондой эле талапкер Кадыров паспорттун көчүрмөсүн берген эмес.

«Мекеним Кыргызстан» — 200 талапкер

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген талапкерлер Нарматов, Каналиев, Толонов, Сооронбаев, Гафиров, Иманалиев, Асанкожоев, Сайпидинов, Буйлашев, Айдаров, Маматалиев, Ташиев, Арыкова, Эркеев жана Турганбаева милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетилгени тууралуу буйруктун көчүрмөсүн берген жок.

*«Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун «өкүл баласы» Мунарбек Сайпидинов (мурдагы фамилиясы Раимбеков — редакция) да бар. Ал Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн башчысы.

Жыл башында спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу белгисиз тапанчанын огунан бутуна жаракат алган. Спортчу аны Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы башчысы Кылычбек Саркарбаев атканын айткан. Ошондой эле Рахманберди уулу ооруканада жатканда ага «Саркарбаев Мунарбек Раимбеков менен келип, арыз жазсаң өлтүрөбүз» деп коркутканын айткан.

«Ордо» — 101 талапкер

Талапкерлер Керимов, Мамытов жана Кадырбекова кызматынан убактылуу четтетилгени тууралуу буйруктун көчүрмөсүн берген эмес. Ошондой эле Медеров, Жапаркулов, Калыбекова, Сейталиев, Шакиева, Ткаченко, Чолпорбек уулу жана Нурлан уулу иштеген жерлеринен маалымкаты жок болуп чыкты.

«Реформа» — 85 талапкер

«Реформа» партиясынын талапкерлеринин дээрлик жарымы типтик форманы туура эмес толтурушкан. Алардын ичинде төмөнкү талапкерлер бар:

Клара Сооронкулова — Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы;

Мирбек Маматкасымов — коомдук ишмер, дарыгер;

Урмат Жаныбаев — жарандык активист;

Тилек Ахматов — «Beeline» компаниясынын мурдагы коммерциялык директору;

Рита Карасартова — «Коомдук анализ институту» коомдук бирикмесинин жетекчиси;

Эсен Рыспеков — жеке ишкер;

Нузгүл Шакенова — жеке ишкер;

Эмил Сыдыков — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

Банур Абдиева — журналист;

Чолпон Абдрахманова — маркетолог.

Ошондой эле типтик форманы туура эмес толтургандардын арасында Масалиева, Нурбаев, Жекшеев, Воронина, Асаналиев, Келдибекова, Султанбекова, Авазов, Саркеев, Бешимбекова, Касымалиев, Шакомкоров, Усмангатиев, Сыдыкова, Сабиров, Аблыкасым уулу, Маталипов, Зубенко, Насридинов, Назирова, Арстанбекова, Абыкеев, Эдильбек уулу, Рахманбердиев, Касымов, Алабаева, Труханова, Сайранбаев, Ибраев, Аракеев жана Жаныбек кызы бар.

Мындан сырткары талапкер Саматов персоналдуу маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун бербей, анын документтери партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эмес. Талапкер Кокүлов кызматынан убактылуу четтетилгени тууралуу буйруктун көчүрмөсү жок.

«Биримдик» — 200 талапкер

Вице-премьер-министр Аида Исмалова, Кадыркулов, Жусуп Акмат уулу, Таштаналиев, Капаров, Кубанов, Абдукалилов, Бердалиев, Тапиев, Койчубеков жана Жусубалиева милдеттенрин аткарууну убактылуу токтотуу тууралуу буйруктун көчүрмөсүн тапшырышкан жок. Ал эми Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктары токтотулганы өкмөттүн сайтында жарыяланган.